Моюнун бурап, далысын жерге басты. Алтын алган Жолдошбеков. Фотофакт

911
(жаңыланган 16:46 24.02.2020)
Улукбек Жолдошбеков Индияда өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында менмендеген спортчуларды жер каратып, алтын байгени Кыргызстанга алып келди.
Кыргызстандык балбан Улукбек Жолдошбеков эркин күрөш боюнча Азиянын чемпиону болду, финалда Тажикстандан келген Мухамед Икромовду утуп алды.
© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Бириккен күрөш уюмунун сүрөтчүлөрү балбандын финалдагы ирмеми менен бөлүштү. Анда Жолдошбеков тажикстандык Мухамад Икромовдун далысын жерге тийгизип (бул күрөштө утулду деп эсептелинет) жеңип алган.

Белгилей кетсек, Жолдошбеков кыргыздын күрөш мектебинен тарбияланып, Азия чемпиону болгон алгачкы спортчу болду.

Улукбек эркин күрөштү аркалаган балбандын сап башы болуп келет. Ал былтыр 23 жашка чейинкилер арасында Азия жана дүйнө чемпионатын багындырган. Ошондой эле бир катар эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү. 

Күрөштүн түрлөрү боюнча Азия биринчилиги 18-23-февраль күндөрү Нью-Дели шаарында өттү. Мелдеште Кыргызстандын улуттук курама командасы 11 медаль багындырды. Анын экөө алтын, үчөө күмүш жана алтоо коло.

911
Белгилер:
Сүрөт, алтын, Азия чемпионаты, Улукбек Жолдошбеков, Кыргызстан
Тема боюнча
Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын коло байге ээси болду
Айсулуу Тыныбекова биринчиликти берген жок. UWW рейтинги жаңыланды