Бишкекте ири футболдук мелдеш өтөт. Проморолиги жарыяланды

(жаңыланган 10:15 29.02.2020)
Бишкекте Азия футбол конфедерациясынын кубогу үчүн тайпалык этаптын оюну өтөт. Бул эл аралык матч болуп саналат.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо 11-март күнү Бишкектин "Дордой" жана Түркмөнстандын чемпиону "Алтын Асыр" командалары жолугат.

"Дордой" футболдук клубунун маалымат кызматы күйөрмандар үчүн проморолик жарыялады.

D тайпасына туш болгон "Дордой" командасы плей-оффко чыгуу үчүн мындан тышкары Тажикстандын эки клубу — "Истиклол" жана "Худжант" менен беттешет. Тайпалык этапка Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" командасы да чыкмак, бирок ал "Худжанд" футболчуларынан утулуп калган.

Оюндун расписаниесин "Дордой" клубунун сайтынан көрүүгө болот. Белгилей кетсек, "Дордой" — Кыргызстандын чемпиону.

"Алтын Асыр" ушу тапта Түркияда машыгып жатат. Оюнчулар Кыргызстанга ошол жактан учуп келмекчи. Буга чейин Түркмөнстандын дагы бир клубу "Ахал" коронавирустан улам Кыргызстанга келүүдөн баш тарткан. Команда "Нефтчинин" оюнчулары менен кез келмек.

28-февралга карата алынган маалымат боюнча, Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктуруп алгандар жок.

Белгилер:
"Дордой" ФК, федерация, футбол, Кыргызстан, Түркмөнстан
Тема боюнча
Дит багып карай албайсың. Футболчу кыз чыгарып алган томугун муштап киргизди. Видео
Футбол талаасына чуркап чыккан иттин ич жылыткан видеосу
Кыргызстандын Футбол федерациясынын аталышы өзгөрдү

Атаандаштарын ары-бери тоголотуп. Айперинин беттештеги видеосу

(жаңыланган 23:05 10.04.2021)
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде бардык атаандашын 10 упай айырмасында утуп, чемпион болду. Айлампа системасы менен өткөн жарыштын төртүнчү бөлүгүндө монгол балбаны Бурмаа Очибатты утууга болгону бир жарым мүнөт керектелди.

Айпери кыздар күрөшүнүн эң оор, 76 килограмм салмакта күч сынашты. Үчүнчү турда индиялык балбан кыз Пуджа Пуджа менен кез келип, аны 10:0 эсебинде утту.

Экинчи айлампада болсо өзбекстандык Шахрибону Эллиеваны 10:0 менен жеңип алды. Бул үчүн кыргыз кызына 50 гана секунда жетиштүү болду.

Ал эми эң биринчи беттешинде Медет кызы кореялык спортчу Соён Чон менен кармашып, адегенде бир упай алдырган. Кийин эки жарым мүнөттө эсепти 12:1ге айландырып салды. 

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.

Белгилер:
Айпери Медет кызы, күрөш, мелдеш, Олимпиадалык оюндар, лицензия
Тема боюнча
Мушкер Канат Келдибеков ACA уюмунда беттешке чыгат
Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архивдик сүрөт

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдештен күмүш байге утту

(жаңыланган 19:41 10.04.2021)
Мээрим Жуманазарова алгачкы кармашында эле кытайлык кыз менен кез келип жеңилип калган болчу. Кийинки баскычтарда өзүнүн мыкты экенин көрсөтүп, финалдык баскычка жетти.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган мелдеште күмүш медаль утту. Казакстандын Алматы шаарында өтүп жаткан мелдештин жүрүшүн United World Wrestling (Дүйнөлүк күрөш уюму) уюмунун расмий сайты түз алып көрсөтүүдө.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип калды.

Кыргызстандык балбан кыз жарым финалда индиялык Ниша Нишаны 13:3 эсебинде, таза техникалык артыкчылык менен уткан. Ага чейин чейрек финалда казакстандык атаандашы Жамила Бакбергенованы 10:3 эсебинде жеңген.

Эскерте кетсек, мелдеш ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Турнирдин финалына чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.

Буга чейин 76 килограмм салмакта күрөшкөн Айпери Медет кызы бардык атаандаштарын утуп, чемпион болгон.

Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.

Кечээ грек-рим балбандарынын арасында таймаш жүрүп, ата мекендик спортчулар Жоламан Шаршенбеков (60 килограмм), Акжол Махмудов (77 килограмм) жана Үзүр Жузупбеков Токио Олимпиадасына жолдомо алышкан.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жалпысынан 12 лицензия болду. Буга чейин балбан Айсулуу Тыныбекова, Атабек Азисбеков, жөө күлүктөр Мария Коробицкая, Дарья Маслова жана Юлия Андреева, ошондой эле суучул Денис Петрашов жолдомо алышкан.

Белгилер:
финал, мелдеш, лицензия, олимпиада, Мээрим Жуманазарова, күрөш
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео
Сүйүнчү! Айпери каршылаштарын баш көтөртпөй жеңип, Олимпиадага жолдомо алды