Балбан Айсулуу Тыныбекова. Архивдик сүрөт

Айсулуу Тыныбекова учурда кайсы мамлекетте машыгып жатканы айтылды

207
(жаңыланган 18:26 04.03.2020)
Балбан кыз акыркы мелдешин Индияда чоңдор арасындагы Азия чемпионатында өткөрүп, коло байге тагынган. Учурда мелдештерге даярдык көрүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Айсулуу Тыныбекова баштаган кыргызстандык балбан кыздар Москвада машыгуу өткөрүп жатканын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Ага ылайык, 1-мартта "Озеро Круглое" спорттук базасында башталган машыгуу 14-мартта жыйынтыкталмакчы.

Москвага Айсулуу Тыныбековадан тышкары Айпери Медет кызы, Нураида Анаркулова жана Назира Марсбек кызы барган. Балбан кыздар машыктыруучу Нурбек Изабековдун кол алдында.

Спортчу кыздар акыркы мелдешин Индияда чоңдор арасындагы Азия чемпионатында өткөрдү. Анда Медет кызы күмүш байге багындырса, Тыныбекова коло медаль тагынган.

 

207
Белгилер:
балбан, машыгуу, Айсулуу Тыныбекова, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Таза жеңиш! Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатынын коло байге ээси болду
Дагы бир жолу тарых жаңырткым келет. Айсулуу Тыныбекованын маеги видеодо
Айсулуу Тыныбекова биринчиликти берген жок. UWW рейтинги жаңыланды
Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатындагы алгачкы кармашында утулуп калды
Машыгып жаткан спортчу. Архив

Спорт агенттиги: "Жаштык" балбандарга берилбейт, гимнасттар өздөрү машыгат

58
(жаңыланган 10:48 05.06.2020)
Буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен активисттер Спорт агенттиги гимнасттар менен акробаттар машыккан "Жаштык" дирекциясын балбандарга берерин айтып чыгышкан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги "Жаштык" дирекциясы балбандарга берүү боюнча чечим чыгарган эмес. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жана активисттер Спорт агенттиги гимнасттар менен акробаттар машыккан "Жаштык" дирекциясын балбандарга берет экен деп айтып чыгып, бул билдирүүлөр социалдык тармактарда талкууланып, нааразычылыгын айтып чыккан ата-энелер болгон.

Бирок агенттик бул айткандар чындыкка дал келбей турганын кабарлады. Учурда "Жаштык" дирекциясында ремонт иштери жүрүп жатканын, ал аяктап, карантиндик чектөөлөр алынгандан кийин гимнасттар өздөрү машыга турганын айтты.

"Коронавирусту алдын алуу максатында спорт мектептердеги бардык машыгуулар токтоп, анын ичинде балбандарды чыгарган Шералы Сыдыков атындагы Республикалык спорт колледжи да иштебей турду. Балдар башка залда машыгуусун уланткан эмес. Азыркыга чейин үйлөрүндө машыгып жатышат. Ал эми "Жаштык" дирекциясында спортчулар жок кезде ремонт иштерин кылып алалы дегенбиз, ал жыл сайын жүргүзүлүп келет. Оңдоп-түзөө иштери бүткөндөн кийин зал гимнасттар менен акробаттардын өзүнө берилет. Бизде залды балбандарга берели деген чечим болгон эмес", — деп айтылат маалыматта.

"Жаштык" спорттук иш-чараларды өткөрүү жана жаштар менен иш алып баруу дирекциясы 2016-жылдан бери Мамлекеттик агенттиктин карамагында экендиги кошумчаланды.

Мамлекеттик агенттик республика боюнча балдардын 74 спорт мектебин каржылайт. Тараптардын макулдашуусу боюнча "Жаштык" дирекциясынын залында көркөм гимнастика, спорттук акробатика, сууда сүзүү, футбол, грек-рим күрөшү боюнча машыгуулар акысыз өткөрүлүп келет.

58
Белгилер:
гимнастчылар, балбан, Дене тарбия жана спорт агенттиги, спорт
Тема боюнча
Балаңыз спортко шыктуубу? Мамагенттик сынак жарыялап, шартын түшүндүрдү
Кыргыз спортчулары олимпиадага 1-июндан тарта даярдана баштайт
Беш түр салмак категорияда чемпион болгон Флойд Мейвезер. Архивдик сүрөт

Мейвезер полициянын колунан каза тапкан Флойддун зыйнатын көтөрөт

131
Атактуу боксчунун өкүлүнүн айтымында, Мейвезер Жордж Флойддун үй-бүлөсү менен сүйлөшүп, зыйнатына кетчү каражатты төлөп бермей болгон.

БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Беш түр салмак категорияда чемпион болгон Флойд Мейвезер Миннеаполисте полициянын одоно аракетинен каза тапкан Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына кеткен каражатты көтөрүп берет. Бул тууралуу ESPN телеканалы боксчунун өкүлү Леонард Эллербеге шилтеме берип жазды.

"Ал (Мейвезер) сөөк коюу иш-чарасынын каражатын төлөп берет. Флойддун үй-бүлөсү менен бул тууралуу сүйлөшкөн, алар сунушту кабыл алган. Мунун баарын айтып жатканым үчүн кыжырданышы мүмкүн. Бирок ал мындай иштерди 20 жылдан бери кылып келет", — деп билдирген спортчунун өкүлү.

Эллербе бул иштерди жасоо менен боксчу өзүнө упай топтоону көздөбөй турганын белгилеген.

Мейвезер буга чейин, 2011-жылы, 45 жашында рактан каза болгон боксчу Генаро Эрнандестин акыркы сапарга узатуу чыгымын төлөп бергени айтылат. Мейвезер биринчи чемпиондук наамын 1998-жылы Эрнандести жеңип алгандан кийин тагынган.

Америкалык кара түстүү жаран Жордж Флойд 25-май күнү каза болгон. Интернетте полиция кызматкерлери афроамерикалык адамдын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тараган. Бирөөсү моюндун күрөө тамыр өткөн бөлүгүн тизеси менен кысып, басып турат. Флойддун бир нече жолу "дем ала албай жатам" деп айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот.

Афроамерикалык жарандын өлүмүнөн кийин АКШда өткөн жумадан тарта нааразычылык акциялары башталып, ал башаламандыкка айланып кетти. Бир нече шаарга коменданттык саат киргизилип, полиция кызматкерлери тартипке көз салганы менен башаламандыктын аягы сууй элек. Ири шаарларда дүкөндөр талкаланып, мародерлук күч алганын ЖМКлар жазып жатышат.

Ал эми АКШ президенти Дональд Трамп башаламандыкты террорчулук деп сыпаттаган.

46 жаштагы Жордж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 9-июнда өзү туулуп-өскөн Хьюстон шаарында болот.

131
Белгилер:
каражат, зыйнат, өлүм, Жорж Флойд, Флойд Мейвезер, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
АКШ полициясы ЖМК өкүлү экенин билип туруп Sputnik продюсерине ок чыгарды
АКШ: полиция кызматкерлери нааразылыкка чыккандардын алдында тизелеген видео
COVID-19 вируска каршы дары таблеткалары. Архив

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

0
(жаңыланган 23:52 05.06.2020)
Бул —  коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экени айтылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.

Дмитриев "Авифавир" коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.

"Ал 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына келип түшөт. Ал россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп айткан Дмитриев.

Маалыматта мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганын, бирок суроо-талап көп болуп, башка 10 өлкөдөн да сурам келип жатканын белгилеген. Мындан улам санын эки миллионго чейин жеткирүү пландалган.

0
Белгилер:
Россия, дарылоо, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт