БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы лицензиялык мелдештерге даярдык көрүү үчүн Россияда машыгуудан өтүп жатат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, 6-мартта башталган машыгуу 18-мартка чейин уланат. Турнирлерге даярдык Сочидеги "Весна" спорт базасында болуп жатат.
Машыгуу өткөрүп жаткан спортчулардын тизмеси:
- Калы Сулайманов — 60 кг;
- Жоламан Шаршенбеков — 60 кг;
- Марлен Асыкеев — 67 кг;
- Халмурат Ибрагимов — 67 кг;
- Амантур Исмаилов — 67 кг;
- Ренат Ильяс уулу — 77 кг;
- Кайрат Түгөлбаев — 77 кг;
- Акжол Махмудов — 77 кг;
- Атабек Азисбеков — 87 кг;
- Үзүр Жусупбеков — 97 кг;
- Мурат Рамонов — 130 кг;
- Роман Ким — 130 кг.
Балбанды машыктыруучулар Улукбек Карачолоков менен Азат Эркимбаев коштоп кеткен.
Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтмөкчү.