2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндарынын логотиби

Уюштуруу комитети: Токио Олимпиадасы бир-эки жылга жылышы мүмкүн

108
(жаңыланган 10:53 11.03.2020)
Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган. Оюнга кыргызстандык беш спортчу жолдомо алган болчу.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Токиодо боло турчу Олимпиада оюндары бир же эки жылга жылып кетиши мүмкүн экендигин Р-Спорт агенттиги аталган өлкөнүн уюштуруу комитетинин мүчөсү Харуюки Такахашиге шилтеме берип жазды.

Анын айтымында, кеп оюндан толук түрдө баш тартуу тууралуу болуп жаткан жок. Дүйнөдө коронавирус жайылып жаткандыгына байланыштуу башка мөөнөткө жылдыруу керек болууда.

"Эгер оюндар өтпөй калса, Эл аралык олимпиада комитети оор кырдаалга кептелет", — деген Такахаши.

Ал белгилегендей, эгер оюнду бир жылга жылдырса, башка маанилүү спорттук иш-чаралар менен туш келип, ыңгайсыздык болушу ыктымал. Ошондуктан Олимпиаданы эки жылдан кийин уюштуруу туура.

Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган. Оюнга кыргызстандык беш спортчу жолдомо алган болчу.

108
Белгилер:
коронавирус, Олимпиадалык оюндар, Токио, Япония
Тема:
2020-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (41)
Тема боюнча
Түркияда коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам катталды
Коронавирусту жуктуруп алууга даяр ыктыярчылар изделүүдө. Акысы 4500 доллар
Акча сунуп жаткан адам. Архив

Спорт агенттиги коррупцияга каршы челлендж өткөрөт

25
Соцтармак колдонуучусу өзүнүн Facebook же Instagram баракчасына #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериши шарт.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттик Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнүнө карата социалдык тармактарда челлендж өткөрөт. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.

"Бүгүн "биз коррупцияга каршыбыз, токто" деп айта турчу күн келди. Демилге коомдо коррупциялык көрүнүштөргө терс мамилени калыптандыруу максатында көтөрүлдү", — деп айтылат билдирмеде.

Маалым болгондой, бул челленджге бардык каалоочулар катыша алат. Ал үчүн соцтармак колдонуучусу өзүнүн Facebook же Instagram баракчасына #бизкоррупциягакаршыбыз #мыпротивкоррупции хештегдери менен сүрөт же видео жүктөп, коррупциянын кесепеттери жөнүндө айтып бериши шарт. Челлендж 10-декабрга чейин уланат.

Агенттик Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен жыл сайын 9-декабрда Коррупция менен күрөшүү эл аралык күнү белгиленип келерин кошумчалады.

25
Белгилер:
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги, социалдык тармак, коррупция
Тема боюнча
Кыялдарды талкалайт! Спорт агенттиги коррупцияга каршы видеоролик чыгарды
Ысык-Көл облустук өнүктүрүү фонду мамлекетке 13 млн. сом зыян келтиргени аныкталды
Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбнекова. Архив

Сүйүнчү! Айсулуу кыздар күрөшүнүн тарыхында эң мыкты балбан деп табылды

2407
(жаңыланган 19:55 04.12.2020)
Добуш берүү UWW уюмунун Instagram баракчасында жүргүзүлдү. Кыргызстандык балбан кыз 293 миңдей добуштун теңинен көбүн алган.

БИШКЕК, 4-дек. — Sputnik. Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыздар күрөшүнүн тарыхындагы эң мыкты балбан деп табылды. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун Instagram баракчасына жарыяланды. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Olympic Wrestling (@unitedworldwrestling)

Кыргызстандык дүйнө чемпиону индиялык Винеш Пхогат менен финалга чыккан болчу.

"Биз менен кошо Айсулуу Тыныбекованы куттуктаңыз. UWW уюмунун "Күрөш тарыхындагы эң мыкты балбан кыз" жарышында жеңүүчү болду. Тыныбекова 292 896 күйөрмандын 58 пайыз добушун алды", — деп айтылат билдирүүдө.

UWW уюмунун виртуалдуу мелдеши онлайн форматта өткөн. Индиялык спортчуга 121,907 адам добуш берсе, Тыныбекованы 170,989 адам колдогон. 

2407
Белгилер:
күрөш, Айсулуу Тыныбекова
Тема боюнча
Тыныбекова баштаган балбан кыздар Стамбулда Дүйнө кубогуна даярданышууда
Секирген атаандашын төбөгө көтөрүп уруп... КР балбандары жасаган укмуш ыкмалар. Видео
Нарын облусу. Архивдик сүрөт

Өкмөт Нарынга 300 үй-бүлө үчүн эксперименталдык айыл курууга белсенүүдө

0
(жаңыланган 11:13 05.12.2020)
Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда.

БИШКЕК, 5-дек. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Нарын облусуна "Ак-Тилек" деп аталган эксперименталдык конуш курууга белсенип жатат. Тийиштүү буйруктун долбоорун Архитектура, курулуш жана коммуналдык-турак жай агенттиги коомдук талкууга чыгарды.

Жаңы конуш Ак-Талаа районунда пайда болору айтылган. Ал жерге сейсмологиялык жана сел жүрүү кооптуулугунда турган Ак-Чий, Жаңы-Тилек айылдарынын жашоочуларын көчүрүп келүү пландалууда. 1990-жылдын аягынан 2010-жылга чейин бул аймактарда бир нече жолу жер силкинип, сел түшүп кыйроолорго алып келген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жердин тургундарын көчүрүү зарыл деген корутунду чыгарган.

Ак-Тилек конушу 300 турак жайга (1500 адам) ылайыкташкан. Курулуш агенттиги жерлер 2019-жылдын ноябрында эле өкмөттүн токтому менен трансформация болгонун билдирди.

Конушту куруу жана пландаштыруу боюнча жаңы ыкмаларды колдонуу (конструкция, курулуш материалдары, инженердик камсыздоо системасы) чечими кабыл алынгандыктан эксперименталдуу калктуу конуш деген макам берилет.

Ошондой эле планын иштеп чыгууда шаар куруу боюнча дүйнөлүк тажрыйба жана экологияга аяр мамиле жасоо принциби колдонулганы белгиленет. Үйлөрдүн ичи жылуу жана жер титирөөгө туруштук берүү деңгээли жогору болоруна ишендирет.

Долбоордун суммасы жазылган эмес, бирок өкмөт ага бюджеттик каражат коротулбай турганын айтты. БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын долбоору аркылуу каражат жана инвестиция тартылары күтүлүүдө. Бул боюнча алдын ала макулдашуу түзүлгөн.

Техникалык документациясы менен өкмөттүн сайтынан кененирээк таанышууга болот.

0
Белгилер:
айыл, тургун, курулуш, Нарын, жаңы конуштар
Тема боюнча
Өрттөнгөн прокуратуранын ордуна эмнеге шаардык кеңештин имараты курулат. Жооп
Өзгөн менен Араванда эки төрөт үйү пайдаланууга берилди