Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов менен КРдин Бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев жолукту.

Ушул себептен бокс өнүкпөй жатат! Мамагенттик башчысы федерацияны сындады

92
(жаңыланган 12:36 14.03.2020)
Иорданияда өткөн лицензиялык турнирге кыргызстандык алты спортчу катышып, медаль алган эмес. Спорт агенттигинин жетекчиси мындай квалификациялык мелдештерге көңүл бурулушу керектигин айткан.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Канат Аманкулов менен КРдин Бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Жусубалиев жолукту. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Эскерте кетсек, 29-февралдан 12-мартка чейин Иорданиянын Амман шаарында бокс боюнча Азия чемпионаты өткөн. Кыргызстандын атынан мелдешке алты спортчу катышып, медаль алган эмес. Турнирде орун алгандарга Токиодо боло турчу Олимпиада оюндарына лицензия берилмек.

Башкы машыктыруучу спортчулардын байгесиз кайтышына түшүндүрмө берген.

"Боксчулар мелдешке толук даярдык көрүшкөн. Олимпиадага эки жолдомо алуу пландалган. Азат Усеналиевде лицензия алууга бардык мүмкүнчүлүктөр болгон, бирок акыркы кармашта упайлардын эсеби боюнча жеңилип калды", — деген Жусубалиев.

Өз кезегинде Канат Аманкулов ушул сыяктуу квалификациялык мелдештерге көңүл буруу керектигин айтып, федерацияны сындаган.

"Бул КРдин Бокс федерациясынын жетекчилиги кетирген кемчилик. Уюм жетишерлик иш алып барбагандыгы үчүн атамекендик бокс эл аралык аренада тийиштүү статуска ээ эмес", — деген Аманкулов.

Ошондой эле ведомствонун директору машыктыруучуга курама команданын "лидерлери" Азат Усеналиев менен Эркин Адылбек уулунун даярдыгына басым жасоого тапшырма берген. Зарылчылык болсо команданын курамын кайрадан карап чыгуу керектигин да кошумчалаган.

Бокс боюнча кийинки лицензиялык турнир Францияда боло турганы айтылды.

92
Белгилер:
сын, лицензия, машыктыруучу, федерация, бокс, Кыргызстан
Тема боюнча
Уюштуруу комитети: Токио Олимпиадасы бир-эки жылга жылышы мүмкүн
Токмокто төрөлгөн Дмитрий Бивол бокс боюнча дүйнө чемпиону наамын коргоп калды
Джастин Гэтжи менен Хабиб Нурмагомедов беттешүү учурунда

Хабиб мыкты беттеш тартуулаганы үчүн кошумча 50 миң доллар алат

364
(жаңыланган 18:24 25.10.2020)
Бишкек убактысы менен 25-октябрга караган түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедовго мыкты беттеш тартуулаганы үчүн гонорарынан сырткары бонус берет. Бул тууралуу Дана Уайт маалымат жыйынында айтканын "Известия" жазды. 

Нурмагомедов беттешкени үчүн канча сый акы алары белгисиз. Ал эми бонустун суммасы 50 миң долларды түзөт.

Хабибден тышкары ушунча акчаны молдовалык Ион Куцелабаны нокаутка кетирген россиялык Магомед Анкалаев дагы алмакчы.

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды. Хабиб бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Мындай убадасын апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

364
Белгилер:
сый акы, бонус, беттешүү, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео
Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор. Архив

Макгрегор эзелки атаандашы Нурмагомедовдун Гэтжи менен беттеши боюнча үн катты

669
(жаңыланган 13:34 25.10.2020)
Эки жыл мурда ирландиялык мушкер россиялык Нурмагомедовго утулуп калган. Макгрегор ага көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ирландиялык мушкер Конор Макгрегор UFC 254 турниринин алкагындагы Хабиб Нурмагомедов менен Жастин Гэтжинин кармашын мыкты деп атады.

Бүгүн түнү Нурмагомедов каршылашын экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, чемпиондук наамын сактап калды.

​"Мыкты кармаш. Мен сенин ишиңди улантам. Дагы бир ирет атаңа сый-урматымды билдирип, жакындарыңа жана сага көңүл айтам", — деп жазган Макгрегор Twitter баракчасына.

Нурмагомедов октагонго чыгарына үч жума калганда бутун сындырып алган

Эске салсак, 2018-жылы ирландиялык мушкер Нурмагомедовго утулуп калган. Анда дагы россиялык спортчу муунтуу ыкмасын колдонуп жеңип алган. Ошондон бери Макгрегор ага социалдык тармактан көп ирет сын айтып жүрүп, кийинчерээк сый мамилеге өткөн.

Хабиб бел курун сактап калгандан кийин бул анын акыркы кармашы болгонун жар салды. Бул убаданы апасына атасы Абдулманап Нурмагомедов каза болгондон кийин бергенин айтты.

669
Белгилер:
беттешүү, Конор Макгрегор, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Карьерасын жыйынтыктаган Нурмагомедов алдыдагы пландарын айтты
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архив

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

205
(жаңыланган 00:23 26.10.2020)
Министрдин айтымында, ведомство Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөндөй сезим калтырган. Анда керек болсо жылуулук жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Айыл чарба министрлигинде жаңыланууну талап кылган нерселер көп экен. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди. 

Ал кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүүлөрдү жасап, анда иштеп жаткан адистерге жакшыраак шарт түзүп берүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

“Башка министрликтерге салыштырмалуу бул жактын айлыгы аз экен. Жакшы адистерге жакшы маяна төлөп бергидей кылышыбыз керек. Иштөө шарттары дагы начарыраак экен, мисалы жылуулук жок, суук. Ушунун баарын акырындык менен ордуна алып келебиз. Документтердин бардыгы кагаз түрүндө экен. Аны электрондук форматка өткөрүү зарыл”, - деди министр.

Токтогазиев кагаздар электрондук форматка өтсө ички процесстер, дыйкандарга кызмат көрсөтүүлөр батыраак жүрөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле министрликте 888 киши иштей турганын, жалпы ведомство текшерилсин деген буйрук чыгарганын белгиледи.

“Азыр биз аудит баштадык. Жалпы министрлик текшерилсин деп Эсептөө палатасына кат менен кайрылдык. Бүт агенттиктер менен департаменттер текшерилет. Функционалдык анализ жүргүзүлүп, кайсы позициялар керек, кайсылары кереги жок экени аныкталат. Себеби бири-бирин кайталап калган штаттар болушу мүмкүн. Аларды кыскартууга туура келет”, - деди Токтогазиев.

Эң жаш министр алдыда чоң реформаларды жасоо ниети бар экенин кошумчалады.

205
Белгилер:
реформа, көйгөй, Тилек Токтогазиев, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты