UFC Нурмагомедов менен Фергюсондун беттешин өткөрүүгө башка жер издеп жатат

© AFP / Harry How / Getty ImagesБоец UFC из России Хабиб Нурмагомедов
Боец UFC из России Хабиб Нурмагомедов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлердин беттеши 18-апрелде Нью-Йоркто өтүшү керек болчу. Бирок шаар бийлиги коронавирус коркунучунан улам массалык иш-чараларды токтоткон.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. UFC уюмунун президенти Дана Уайт россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун беттешин башка жакка өткөрүүнү пландап жатканын Р-Спорт жазды.

Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Нурмагомедов аралаш мушташ боюнча дүйнөнүн мыкты мушкери аталды
Мушкерлердин беттеши 18-апрелде Нью-Йоркто өтүшү керек болчу. Бирок жергиликтүү бийлик коронавирус коркунучунан улам массалык иш-чараларды токтоткон. Ошондой эле Невада штатынын Атлетикалык комиссиясы вируска байланыштуу уруш өнөрү боюнча спорттук турнирлерди өткөрүүгө тыюу салган. Буга карабастан ишемби күнү UFC башчысы Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши сөзсүз болорун жар салды.

"Бизде беттешти өткөрүүгө түрдүү варианттар болду. Анын ичинде Невада дагы бар эле, бирок ал жак дагы мелдештерди токтоткондуктан башка жактарды караштырып жатабыз. Жакын арада бул маселе чечилерине ишенем", — деген Уайт ESPN телеканалына берген маегинде.

Жакында эле Лас-Вегаста Хабиб Нурмагомедов атаандашы Тони Фергюсон менен көз караштар таймашын өткөрүп жатып анын утурумдук чемпион болгондо алган курун тээп салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0