Коронавирустан улам Нурмагомедов менен Фергюсондун беттеши жылды

© AFP / VASILY MAXIMOVUFC чемпион Хабиб Нурмагомедов сүрөтүн күйөрмандар кармап турат
UFC чемпион Хабиб Нурмагомедов сүрөтүн күйөрмандар кармап турат  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлердин беттеши 18-апрелге пландалган болчу. Уюм азырынча турнирдин өтө турчу жаңы жер издеп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Россиялык Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Тони Фергюсондун катышуусундагы беделдүү UFC 249 турнири Нью-Йоркто болбой калганын промоутерлик компаниянын расмий сайты билдирди.

Бой между Тони Фергюсоном и Хабибом Нурмагомедовым - Sputnik Кыргызстан
Хабиб Фергюсондун курун тээп салды. Мушкерлер сес көрсөтүшкөн видео
Чечим Нью-Йорк штатынын Атлетикалык комиссиясынын (NYSAC) көрсөтмөсү менен кабыл алынган. Бул жакта коронавируска байланыштуу массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган болчу.

Мушкерлердин беттеши 18-апрелге пландалган болчу. Уюм азырынча турнир өтө турчу жаңы жер издеп жатканы айтылды.

UFC президенти Дана Уайт жакын арада берген маегинде Хабиб менен Тонинин мелдеши көрүүчүсү жок деле өтүшү мүмкүндүгүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0