Япониянын өкмөт башчысы Олимпиада жылдырылышы мүмкүндүгүн айтты

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүОлимпиада оюндарынын желеги. Архив
Олимпиада оюндарынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Токиодо өтчү Олимпиада оюндары коронавирус пандемиясына байланыштуу жылышы мүмкүндүгүн айтты. Бул туурасында ал парламенттин жыйынында билдиргенин Kyodo агенттиги жазды.

Анын айтымында, эгер оюнду өткөрүүгө такыр эле мүмкүн болбой жатса, акыры ушундай жол тандалат.

"Оюнду толук форматта өткөрүү мүмкүн болбосо жылдыруу керек. Биз биринчи кезекте спортчуларды ойлоп жатабыз", — деген Абэ.

Буга чейин Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах ири мелдештин тагдыры жакынкы айда чечилиши мүмкүндүгүн айткан.

Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган. Оюнга кыргызстандык беш спортчу жолдомо алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0