Шок болдук! Олимпиаданын жылдырылышы боюнча кыргызстандык спортчулардын пикири

© AFP / CHARLY TRIBALLEAUОлимпийские и Паралимпийские игры в Токио 2020 года
Олимпийские и Паралимпийские игры в Токио 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын спортчулары Токио Олимпиадасы жылдырыларын күтүп жатканын, бирок ага карабай расмий чечими чыкканга чейин катуу даярдык көрүп келгенин айтып беришти. Айрым спортчулар мындай кабарды укканда шок абалында калган.

Коронавирус кооптуулугуна байланыштуу 24-мартта Эл аралык олимпиада комитети (ЭОК) Жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга калтыруу чечимин кабыл алды.

Sputnik оюнга лицензия алган кыргызстандык спортчулар мындай кабарды кандай кабыл алганын билүүнү чечти.

Жөө күлүк Дарья Маслованын машыктыруучусу Татьяна Борисова спортчу машыгуусун улантып жатканын билдирди. 

© REUTERS / Darren WhitesideЖөө күлүк Дарья Маслова
Шок болдук! Олимпиаданын жылдырылышы боюнча кыргызстандык спортчулардын пикири - Sputnik Кыргызстан
Жөө күлүк Дарья Маслова
"Олимпиаданын мөөнөтү жылып кетерин сезип турганбыз, бирок расмий маалыматты укканда шок болуп калдык. Албетте, мелдеш, сыйлыктан дагы адамдын ден соолугу бийик турат. Биз ушуну менен токтоп калбайбыз, ар дайым даярдыкта турушубуз керек. Азыр кайра башынан норматив тапшырып калбайбызбы деп бир аз тынчсызданып турабыз. Бул жолдомого жетүү үчүн түмөн түйшүктү басып өттүк эле", — деди Борисова.

Олимпиададан алтын үмүттөндүргөн Айсулуу Тыныбекованын машыктыруучусу Нурбек Изабеков учурда балбан кыз үй шартында машыгып, китеп окуп эс алып жатканын билдирди. 

© Sputnik / Гульдана ТалантбековаОлимпиададан алтын үмүттөндүргөн Айсулуу Тыныбекова
Шок болдук! Олимпиаданын жылдырылышы боюнча кыргызстандык спортчулардын пикири - Sputnik Кыргызстан
Олимпиададан алтын үмүттөндүргөн Айсулуу Тыныбекова
"Олимпиаданын жылдырылышы биз үчүн сюрприз болгон жок. Түзүлгөн кырдаалдан улам ушундай болорун билгенбиз. Биз чөкпөйбүз, жакшы нерседен үмүт кылып өзгөчө абал режими бүткөндөн кийин машыгууну улантабыз. Канткенде да бул психологиялык стресс алып келет, ошол жагдайдан чыгып кетишибиз керек", — деди Изабеков.

Ошондой эле ал жакынкы күндөргө пландалган турнирлер тууралуу Эл аралык күрөш федерациясынан маалымат күтүп жатканын кошумчалады. Ошого жараша Тыныбекованын алдыдагы машыгуулары пландаштырылат.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков ЭОКтун чечими таң калычтуу болбогонун айтып, адамдардын саламаттыгы ар дайым биринчи орунда болуп келгенин белгиледи. 

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков
Шок болдук! Олимпиаданын жылдырылышы боюнча кыргызстандык спортчулардын пикири - Sputnik Кыргызстан
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Атабек Азисбеков
"Олимпиаданын жылып кетиши спортчулардын жакшы даярдык көрүүсүнө мотивация болду. Мисалы, мен мындан ары дагы үч эсе көбүрөөк машыгам. Бул туура чечим, бир чети дагы да жакшы даярдык көрүүгө убакыт берет. Олимпиаданы 2021-жылы өткөрүү алда канча коопсуз болот. Анын үстүнө көрүчүүлөрү жок Олимпиада — Олимпиада эмес да", — деген пикирин билдирди балбан.

Сууда сүзүүчү Денис Петрашов карантинден улам спорттук объектилер жабылып, тоодо чуркап, машыгуусун кургакта өткөрүп жатканын айтты. Ал оюндардын мөөнөтү жылып кетерине алгач анча ишенбей жатканын айтып, бирок бул туура кадам эле болгонун белгиледи. 

© Sputnik / Жоомарт УраимовСууда сүзүүчү Денис Петрашов
Шок болдук! Олимпиаданын жылдырылышы боюнча кыргызстандык спортчулардын пикири - Sputnik Кыргызстан
Сууда сүзүүчү Денис Петрашов
"Чынында эле ушундай болору күтүлгөн, бирок аягына чейин үмүттөнүп жаткам. Ушул жылдын августунда катышам деген маанайда жүргөндүктөн азыркы сезимдерим уйгу-туйгу болуп турат. Экинчи тарабынан алганда бул дагы көбүрөөк машыгып жана мыкты жыйынтык көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт", — деди Петрашов.

Жайкы Олимпиада оюндары үстүбүздөгү жылдын 24-июлунан 9-августуна чейин Япониянын борбору Токиодо өтөрү пландалган. Оюнга кыргызстандык беш спортчу жолдомо алган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0