Мөөнөтү жылдырылган Токио Олимпиадасынын күнү белгиленди

© REUTERS / Dado RuvicТокио Олимпиадасы. Архив
Токио Олимпиадасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир жума мурда Токиодо өтчү жайкы Олимпиада оюндарын кийинкиге жылдыруу боюнча чечим кабыл алынган эле.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Коронавирус пандемиясына байланышуу мөөнөтү 2021-жылга жылдырылган Токио Олимпиадасынын жаңы датасы белгиленди. Бул туурасында Эл аралык олимпиада комитетинин расмий сайтына жарыяланды.

Олимпийские и Паралимпийские игры в Токио 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Шок болдук! Олимпиаданын жылдырылышы боюнча кыргызстандык спортчулардын пикири
Эл аралык олимпиада комитетинин президенти Томас Бах, Токио-2020 уюштуруу комитетинин башчысы Есиро Мори, Токионун губернатору Юрико Коикэ, Олимпиадалык иштер жана Паралимпиада оюндары боюнча министр Сэйко Хасимтот телефондук конференция аркылуу жаңы график бекитүүгө макулдашышкан.

Ага ылайык, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин Олимпиада, 24-августтан 5-сентябрга чейин Паралимпиада оюндары өтөт.

24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган. Муну менен тарыхта биринчи ирет ири спорттук иш-чаранын мөөнөтү өзгөрмөй болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0