Кирешеси 1 млрд. долларга жете турган биринчи футболчунун ысымы аталды

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAПортугалия курама командасы менен "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив
Португалия курама командасы менен Ювентус клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Футболчунун коронавирус пандемиясына байланыштуу айлыгы кыскарганына карабастан, 2019-2020-жылдардагы жалпы кирешеси бир миллиард долларга жетери күтүлүүдө.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Португалия курама командасы менен "Ювентус" клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду миллиард доллар тапкан тарыхтагы алгачкы футболчу болмокчу. Бул тууралуу Football Italia порталы жазды.

Маалыматка караганда, Роналду өзүнүн CR7 брендинин арты менен былтыр 100 миллион доллар тапкан. Эми 2019-2020-жылдардагы жалпы кирешеси коронавирус пандемиясына байланыштуу "Ювентустагы" айлыгы кыскара турганына карабастан 1 миллиард доллардан аша турганы күтүлүп жатат.

Португалиялык футболчу мындай чекке жеткен гольфчу Тайгер Вудс менен боксчу Флойд Мейвезерден кийинки үчүнчү спортчу болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0