Августта кайтам! Валентина Шевченконун бутуна операция жасалды

© AFP / MATTHEW STOCKMAN / GETTY IMAGES NORTH AMERICAБоец UFc Валентина Шевченко
Боец UFc Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жакында эле кыргызстандык мушкер промоутерлик компаниянын жетекчилигинен 6-июнда боло турчу мелдешинин мөөнөтүн жылдыруусун өтүнгөнү белгилүү болгон.

БИШКЕК, 3-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер, UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун бутуна операция жасалды. Буга байланыштуу анын шотландиялык Жоан Калдервудга каршы беттеши болбой калганын ESPN телеканалы жазды. 

Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Валентина Шевченко үйдө кантип машыгуу керектигин көрсөтүп берди. Видео
Шевченко менен Калдервуд 6-июнда Австралиядагы UFC 251 турниринин алкагында беттешиши керек болчу. 1-апрелде кыргызстандык мушкер промоутерлик компаниянын жетекчилигинен мелдештин мөөнөтүн жылдыруусун өтүнгөнү белгилүү болгон

Шевченко жаракатты соңку беттешинде алган. Тагыраагы, ал 8-февралда Хьюстондогу UFC 247 турниринде Кэтлин Чукагян менен беттешип, утуп алган. Таймаштан кийин АКШнын атлетикалык комиссиясы кыргызстандык спортчуга жарым жылга октагонго чыгуусуна тыюу салган. Анда эмне себептен спорттон четтетилгени айтылган эмес.

"Жаракатым айыгып кетерине ишенгем. Акыры дарыгерлер бутума операция жасатышым керектигин айтышты. Ансыз ден соолугумду калыбыма келтирүүгө көп убакыт кетет экен", — деген Шевченко телеканалга берген маегинде.

Спортчу өзүн жакшы сезип жатканын, керектүү терапиянын баарын алып жатканын кошумчалаган.

"Мен августта кайтып келгенге болгон күчүмдү жумшайм", — деген чемпион кыз.

Шевченко Калдервуд менен беттешип, чемпиондук наамын төртүнчү ирет коргомок.

Жаңылыктар түрмөгү
0