Мушкер. Архив

Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев UFC уюму менен келишим түздү

366
(жаңыланган 14:40 26.04.2020)
Буга чейин уюмдун октагонуна кыргызстандык бир туугандар Валентина жана Антонина Шевченколор, Рафаэль Физиев чыгып келген.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Азиз Сатыбалдиев беделдүү UFC уюму менен келишим түздү. Бул маалыматты спортчу өзү Sputnik Кыргызстанга тастыктады.

Ал дүйнө жүзүндө карантин режими аяктагандан кийин октагонго качан чыгары жана ким менен беттешери белгилүү болорун айтты.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Satybaldyev Aziz (@satybaldyev_)

“Убада болгондой, биз расмий түрдө келишимдин биринчи этабына кол койдук. Азыр UFC уюмунан экинчи келишимди күтүп жатабыз. Эч кимден утулбашым керек, анткени менин келечегим ошого жараша болот. Алдыда жакшы жаңылыктарды чыдамсыздык менен күтөбүз”, — деди мушкер.

Азиз Сатыбалдиев UFC уюмунун октагонуна чыга турган төртүнчү кыргызстандык болуп калды. Буга чейин бир туугандар Валентина жана Антонина Шевченколор, Рафаэль Физиев келишим түзгөн.

366
Белгилер:
келишим, UFC, мушкер
Тема боюнча
"Тайсон" Келдибеков дүйнөдөгү беделдүү уюм менен келишимин жаңыртты
ТОП-5. UFC уюмуна бара алчу КР мушкерлеринин болжолдуу тизмеси
Япониялык теннисчи Осака Наоми. Архив

22 жаштагы япониялык теннисчи кыз дүйнөдөгү эң бай спортчу аталды

326
(жаңыланган 22:52 24.05.2020)
Осака легендага айланган 38 жаштагы америкалык Серена Уильямстын кирешесинен 1,15 миллион долларга көп каражат тапкан.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Япониялык теннисчи Наоми Осака аялдардын арасынан дүйнөдөгү эң бай спортчу аталды. Бул тууралуу ВВС жазды.

Маалыматка ылайык, Осака тапкан кирешеси боюнча америкалык Серена Уильямс менен россиялык Мария Шараповадан озуп кеткен.

22 жаштагы Осака "Чоң Шлем" сериясы боюнча турнирлердин эки жолку жеңүүчүсү. Forbes журналынын эсептөөсү боюнча, ал акыркы 12 айда 37,4 миллион доллар тапкан. Буга жеңиштен жана жарнама келишимдеринен түшкөн каражат дагы кирет.

Бул сумма теннис легендасына айланган 38 жаштагы америалык Серена Уильямстын кирешесинен 1,15 миллион долларга көп.

Forbes журналы 30 жылдан бери эң көп акча тапкан спортчу аялдардын тизмесин түзүп келет. Ошол аралыктан бери бул тизменин сап башынан теннисчи кыздар түшө электиги айтылды.

2020-жылдагы эң бай спортчулардын толук тизмеси журналга кийинки жумада жарыялана турганы маалым болду. 2016-жылдан бери жүздөгөн бай спортчулардын арасына эки аял кошулган.

326
Белгилер:
спортчу, тизме, байлык, теннис, Forbes журналы
Тема боюнча
Чиновниктер байлыгын ачыктаса, эски ишин кечирүү мыйзамы сунушталды. Чоо-жайы
Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко. Архив

Кэтлин Чукагян менен эми Антонина Шевченко беттешмей болду

142
(жаңыланган 16:17 24.05.2020)
Чукагян буга чейин, тагыраагы, ушул жылдын февраль айында Хьюстондо өткөн UFC 247 мелдешинде азыркы атаандашынын сиңдиси Валентина Шевченкого утулуп калган.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. UFC уюму жеңил салмакта чемпион болууга мурда ат салышкан Кэтлин Чукагян менен кыргызстандык Антонина Шевченконун беттеши тууралуу расмий билдирүү жасап, UFC on ESPN 9 мелдешинде күч сынаша тургандардын толук тизмесин берди.

Эске салсак, Чукагян буга чейин, тагыраагы, ушул жылдын февраль айында Хьюстондо өткөн UFC 247 мелдешинде азыркы атаандашынын сиңдиси Валентина Шевченкого утулуп калган.

Чукагян UFC тарыхында катары менен эже-сиңди Шевченколорго таймашка чыккан биринчи спортчу.

Маалыматка карганда, күтүлүп жаткан мелдештин негизги мушташтары Тайрон Вудли менен Гилберт Бернс жана Благим Иванов менен Аугусто Сакаинин ортосунда болот.

Мелдеш 30-майда Лас-Вегас шаарында өтмөкчү.

142
Белгилер:
мелдеш, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков. Архивдик сүрөт

Путиндин маалымат катчысы коронавирустан айыгып, үйүнө чыкты

0
(жаңыланган 23:18 25.05.2020)
Дмитрий Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын тастыктады.

БИШКЕК, 25-май — Sputnik. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков коронавирустан сакайып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эске салсак, ал 12-май күнү коронавирус жуктуруп алганын билдирген. Ошондой эле анын жубайы, муз бийчиси Татьяна Навкадан дагы вирус аныкталган.

Песков өзү журналисттерге ооруканадан чыкканын жана азырынча үйдө иштей турганын билдирди.

0
Белгилер:
оорукана, коронавирус, Дмитрий Песков, Россия
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Песковдун жубайы Навкадан да COVID-19 табылып, абалы кандай экени айтылды