Cпортто ач арстандар көп! Нурмагомедов Фергюсондун утулушу боюнча пикир айтты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүUFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов
UFC чемпиону Хабиб Нурмагомедов  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) АКШлык мушкери Жастин Гэтжи мекендеши Тони Фергюсонду жеңип алып, жеңил салмакта убактылуу чемпион болуп калды.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов Тони Фергюсондун жеңилип калышы боюнча өз пикирин билдирип, Instagram баракчасына пост жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Khabib Nurmagomedov (@khabib_nurmagomedov)

Эске салсак, Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) АКШлык мушкери Жастин Гэтжи мекендеши Тони Фергюсонду жеңип алып, жеңил салмакта убактылуу чемпион болуп калды. Чынында Фергюсон UFC 249 турниринин алкагында Нурмагомедов менен беттешүүсү керек болчу. Бирок россиялык мушкер пандемияга байланыштуу өлкө аймагынан чыга албай калгандыктан, мелдешке катышкан жок. Эми Гэтжи Нурмагомедов менен беттешүүсү керек.

"Бул спортто, өзгөчө биздин салмакта ач арстандар көп. Кичине өзүңдү бош койсоң эле күнүң бүттү дей бер. Бири кетет, бири келет. Мен буга эч таң калбайм. Бирок мен ок тие электе эле кулабайм. Алдыда беттешчү күндөр бар", — деди Нурмагомедов.

Белгилей кетсек, Фергюсон жеңилип калган мелдеш көрүүчүсү жок өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0