Акча каражаттары. Архив

Спортко бөлүнгөн каражат 72%га кыскарышы мүмкүн. Кесепети

140
(жаңыланган 17:34 14.05.2020)
Мекеменин билдиришинче, бюджет 72 пайызга же 400 миллион сомдон 311 миллион сомго чейин кыскарат. Азайгандын кийинки сумма учурда пайдаланылган.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин бюджетинин кескин кыскарышы спорт тармагына болуп көрбөгөндөй кедергисин тийгизет. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, 11-майдагы Жогорку Кеңеш комитетинин жыйынында Спорт агенттигинин бюджети 50 пайыздан ашык кыскара турганы айтылган. Бүгүн, 13-майда дагы, ЖК жыйынында бул маселе талкууланып, депутаттар чечимди сындап чыкты. Алардын айтымында, бардык мекемелердин ичинен Спорт агенттиги менен Маданият министрлигинин бюджети кескин азайтылган.

Спорт агенттигинин билдиришинче, бюджет 72 пайызга же 311 миллион сомго чейин кыскарат. Бул өз кезегинде спортчулардын Олимпиада оюндарына даярдануусуна кедергисин тийгизет.

"Ачык айтканда, бул биздин системаны талкалайт. Биз азыр кыскартуудан калган акчаны колдонуп бүткөнбүз. Атлеттер квалификациялык турнирге катышып, машыгуулардан өтүп келди, дары-дармек сатып алганбыз. Олимпиада быйыл болбойт, бирок спортчулар үзгүлтүксүз машыгып турушу керек. Анүстүнө алар карантин убагында машыкпагандыктан, формаларын жоготуп коюшту. Спорттук окуу жайлардагы тамактанууга каражат бөлүү керек. Айрым ат оюндары сыяктуу спорттун түрлөрү дайымкы каражатка муктаж", — деп билдирди мекеме.

Ал эми спорттук окуу жайлардагы кызматкерлердин айлык акысы убагында төлөнүп жатканын кошумчалашты.

Белгилей кетсек, республикалык бюджет бүгүн бекитилет.

140
Белгилер:
кыскартуу, бюджет, спорт, Кыргызстан
Тема боюнча
Бегалиев: атактуу спортчулар жаштар менен тажрыйбасын бөлүшсө спорт өнүгөт
Кыргызстандык триатлет үйүндө 5 саат чуркап, медиктерге жарым миллион чогултту
UFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс. Архив

UFC уюмунун эң мыкты мушкери Жон Жонс наамынан баш тартууда. Себеп

131
(жаңыланган 15:20 01.06.2020)
Жон Жонс спортчу Фрэнсис Нганну менен кармашуу үчүн уюмдун башчысынан 30 миллион доллар сураганы айтылууда. Бирок мушкер Дана Уайттын айткандарын төгүндөдү.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. UFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс орточо оор салмак категориясындагы чемпиондук наамынан баш тартууда. Бул тууралуу америкалык мушкер Twitter баракчасында билдирди.

"Менин категориямда Доминик Рейес менен Ян Блаховичтин ортосунда чемпиондук беттеш уюштургула. Мага алар менен беттешүү эч нерсе деле бербейт. Кийинки жылы мени менен оңой беттеш өткөрөм десеңер кабар берип койгула. Ал убакта гонорар камдалуу болот деп ишенем", — деген Жонс.

Мушкерден бул билдирүү чемпиондук наамдан баш тартып жатканын билдиреби деп сурашканда, ал "ооба" деп жооп берген.

Бир нече убакыттан кийин ал айткандарын тастыктаган пост жазган.

"Жонс кетип жатат! Эгер мени көчөдөн көрүп калсаңар, жөн гана ЖЖ (JJ) деп чакыргыла", — деген ал.

ЖМКлардын жазганына караганда, анын бул чечимине спорттук уюмдун президенти менен урушуп кеткени себеп. Өткөн жумада Жон Жонс менен UFC көзүрү Дана Уайт алдыдагы беттешти уюштуруунун алкагында сүйлөшүп жатып бир пикирге келе албай коюшкан. Анда Жонс дагы бир белгилүү спортчу Фрэнсис Нганну менен кармашуу үчүн Уайттан эң ири делген 30 миллион доллар сураганы айтылат. Бирок чемпион UFC башчысын калпычы деп атап, уюмдан кетип каларын айтып коркуткан.

131
Белгилер:
кур, чемпион, гонорар, беттешүү, уруш, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Жаакка муштап, көмкөрөсүнөн түшүрүп... UFC уюмундагы ыкчам жеңиштердин видеосу
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
Октагон. Архив

100 миллион долларынан ажырап. UFC көзүрү COVID-19дун кесепетин айтты

113
(жаңыланган 16:06 31.05.2020)
Беделдүү уюмдун президенти учурда спорттук компанияларда каржы маселеси жаралып жатканын айткан. Вируска байланыштуу эл турнирге топтолуп келе албагандыктан, билеттер сатылбай жатат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) коронавирус пандемиясынын кесепетинен 100 миллион доллардан ашык каражаттан кол жууйт. Бул тууралуу MMA Fighting басылмасы жазды.

Абсолюттук мушкерлер уюмунун башчысы (UFC) Дана Уайт Лас-Вегастагы UFC on ESPN 9 турниринен кийин журналисттерге маек берген.

"Азыр спорттун бардык түрүндө билеттерден акча түшпөй, кыйналып жатышат. Быйыл биз 100 миллион доллар каражатты жоготобуз, балким андан да көп", — деген ал.

Уайт эпидемиянын фонундагы каржылык каатчылыкта дагы UFC уюму турнирлерин уюштуруунун жолун таап жатканын кошумчалаган.

Буга чейин ESPN телеканалы маалымдагандай, промоутерлик компания коронавирусту текшерүүнү күчөттү. Эми мушкерлер турнирге аз калганда, отелге жайгашканга чейин жана салмакка түшүү процедурасынан кийин тест тапшырышы керек. Эгер мушкерден COVID-19 аныкталса, уюмдун жетекчилигинин буйругу боюнча команданын мүчөлөрү обочолонот.

50 жаштагы Дана Уайт өзү коронавируска беш жолу тест тапшырганы айтылат.

Уайттын планы боюнча, UFC турнирлеринин баары эми Лас-Вегаста же "Спорттук аралда" өтөт. Ал жакта мушкерлер көрүүчүлөрү жок беттешет.

113
Белгилер:
коронавирус, турнир, Дана Уайт, UFC
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео
Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты
Темир тор артындагы балдар майрамынын өткөрүүсү

Темир тор артындагы бөбөктөр майрамды кантип өткөрүштү? Сүрөттөр

8
(жаңыланган 18:41 01.06.2020)
Абактагы балдарга маданий-спорттук мелдештер өткөрүлүп, ата-эне, бир туугандары менен кошумча телефон аркылуу сүйлөшүү уюштурулган.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы балдардын майрамы да салтанаттуу түрдө белгиленгенин кабарлап, темир тор артындагы балдар майрамынын сүрөттөрүн жарыялады.

  • Сегодня, 1 июня в учреждениях ГСИН прошли торжественные мероприятия, приуроченные ко Дню защиты детей, так же, в женской колонии №2 с. Степное сотрудники учреждения с участием осужденных женщин устроили концерт для детей и их матерей.
    Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы балдардын майрамы да салтанаттуу түрдө белгиленгенин кабарлап, темир тор артындагы балдар майрамынын сүрөттөрүн жарыялады
    © Фото / Пресс-служба ГСИН при ПКР
  • Сегодня, 1 июня в учреждениях ГСИН прошли торжественные мероприятия, приуроченные ко Дню защиты детей, так же, в женской колонии №2 с. Степное сотрудники учреждения с участием осужденных женщин устроили концерт для детей и их матерей.
    Билдирмеге ылайык, Степное айылындагы №2 аялдар колониясында соттолгон аялдар абактагы балдар жана алардын апалары үчүн концерт уюштурушкан
    © Фото / Пресс-служба ГСИН при ПКР
  • Сегодня, 1 июня в учреждениях ГСИН прошли торжественные мероприятия, приуроченные ко Дню защиты детей, так же, в женской колонии №2 с. Степное сотрудники учреждения с участием осужденных женщин устроили концерт для детей и их матерей.
    Жалал-Абаддагы №53 жана Вознесеновка айылында жайгашкан №14 колониядагы балдар да көңүл сыртында калган эмес. Аталган жайларда 14 жашка чейинки өспүрүмдөр бар
    © Фото / Пресс-служба ГСИН при ПКР
  • Сегодня, 1 июня в учреждениях ГСИН прошли торжественные мероприятия, приуроченные ко Дню защиты детей, так же, в женской колонии №2 с. Степное сотрудники учреждения с участием осужденных женщин устроили концерт для детей и их матерей.
    Жаза аткаруу кызматы балдар колониясында маданий-спорттук иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турарын кошумчалады
    © Фото / Пресс-служба ГСИН при ПКР
1 / 4
© Фото / Пресс-служба ГСИН при ПКР
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы абактагы балдардын майрамы да салтанаттуу түрдө белгиленгенин кабарлап, темир тор артындагы балдар майрамынын сүрөттөрүн жарыялады

Билдирмеге ылайык, Степное айылындагы №2 аялдар колониясында соттолгон аялдар, абактагы балдар жана алардын апалары үчүн концерт уюштурушкан.

"Мутакаллим" аялдар коому тарабынан эне-балага белек, оюнчук жана балдарга керектүү буюмдар берилген. Аталган колонияда соттолгон аялдар, анын ичинде балалуу кыз-келиндер да бар. Балдары үч жашка чыккандан кийин туугандарына өткөрүп берилет. Учурда ал жакта ымыркайлары менен жети аял бар", — деп айтылат маалыматта.

Жалал-Абаддагы №53 жана Вознесеновка айылында жайгашкан №14 колониядагы балдар да көңүл сыртында калган эмес. Аталган жайларда 14 жашка чейинки өспүрүмдөр бар.

"Баарына майрамдык маанай тартууланып, шахмат, шашки, теннис боюнча спорттук мелдештер өткөрүлгөн. Соңунда түрдүү белектер тапшырылып, ата-эне, бир туугандары менен кошумча телефон аркылуу сүйлөшүү уюштурулду", — деп айтылат билдирүүдө.

Жаза аткаруу кызматы балдар колониясында маданий-спорттук иш-чаралар дайыма өткөрүлүп турарын кошумчалады.

8
Белгилер:
эне, абак, майрам, бала
Тема боюнча
Президент балдар уюмдарына жардам иретинде 1 миллион сом бөлдү. Тизме