Олимпиада жеңүүчүсү сынынан кетпеш үчүн курьерлик жумушка орношуп алды

© AFP / PHILIP FONGЯпониялык фехтовальщик, 2012-жылы өткөн Олимпиада оюндарындагы күмүш медаль ээси Ре Мияки
Япониялык фехтовальщик, 2012-жылы өткөн Олимпиада оюндарындагы күмүш медаль ээси Ре Мияки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Спортчу Uber Eats компаниясында Олимпиада оюндары жылдырылып калганын уккандан тарта иштей баштаган. Эске салсак, 2020-жылкы Олимпиада оюндары быйыл Токиодо өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам кийинкиге жылдырылган.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Япониялык фехтовальщик, 2012-жылы өткөн Олимпиада оюндарындагы күмүш медаль ээси Ре Мияки Токиодо тамак жеткирген кызматка курьер болуп орношкон. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Басылманын маалыматына ылайык, спортчу Uber Eats компаниясында Олимпиада оюндары жылдырылып калганын уккандан тарта иштей баштаган. Эске салсак, 2020-жылкы Олимпиада оюндары быйыл Токиодо өтмөк. Бирок коронавирус пандемиясынан улам ал башка убакытка жылдырылган.

"Менин курьер болуп иштеп жатканыма эки себеп бар. Биринчиден, келечектеги мелдештерге барууда акчаны үнөмдөшүм керек. Экинчиден, дене боюмду бир калыпта алып жүрүүм зарыл. Анткени велосипед менен ар дайым кыймылда болосуң. Акасака жана Роппонги сыяктуу тоолуу аймактардан буйрутма түшсө, ал мага жакшы машыгуу болот", — деген Мияки.

Маалым болгондой, 29 жаштагы спортчу коронавирус пандемиясы учурунда бир топ демөөрчүлүк келишимден баш тартып койгон.

"Азыркы кырдаалда колдоо алып турганым туура эмес болуп калмак. Ошол себептен аларга каржылоону токтоткула деп айттым", — деди япон спортчусу.

Мияки бул жумушта коронавирус пандемиясы бүткүчө иштей берерин кошумчалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0