Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов. Архивдик сүрөт

Аманкулов: июлда мелдештер бар, спортчулар машыгуусун жандантышы зарыл

121
Эл аралык олимпиада комитети жана ДССУ тарабынан түзүлгөн жумушчу топ карантиндик чектөөлөр алынган өлкөлөргө машыгууларды жана турнирлерди өткөрүү боюнча сунуштама иштеп чыгары айтылды.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Санитардык нормаларды сактоо менен курама командалар машыгууларын жандантуусу зарыл. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Канат Аманкулов спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча федерациялардын жетекчилери менен кеңешме өткөргөн учурда билдирген.

Маалыматка ылайык, Аманкулов биринчи кезекте Олимпиада оюндарына даярдык көрүп жаткан спортчулар машыгып башташы керектигине токтолгон.

Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Саламат Эргешов Эл аралык олимпиада комитети менен Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жумушчу топ түзүлгөнүн билдирди. Ал топ акырындык менен карантиндик чектөөлөр алынган өлкөлөргө окуу-машыгуу жыйындарын жана спорттук иш-чараларды өткөрүү боюнча сунуштама иштеп чыгышат.

"Эл аралык олимпиада комитетинин, федерация жетекчилеринин жана дарыгерлердин кеңешин эске алып, өзүбүздүн программаны иштеп чыгабыз. Республикалык штаб менен макулдашкандан соң кийинки жумадан тарта курама командалар машыгууну баштайт деп ойлойм. Эки ай көп убакыт, алдынкы спортчуларга 15 күндүк тыныгуу да таасирин тийгизиши мүмкүн. Июлда квалификациялык турнирлердин болушу күтүлүүдө. Ошондуктан спортчулар эки-үч айдын ичинде калыбына келиши керек", — деген Аманкулов.

Мекеменин башчысы машыгууларды жандандыруудан мурда спортчулар медициналык кароодон өтөрүн кошумчалаган. Ошондой эле залдардын тазалыгы менен спортчулардын саны көзөмөлдөнүп, алар көбүнчө ачык аянтчаларда машыгышат.

Эске сала кетсек, 24-мартта Эл аралык олимпиада комитети коронавирус пандемиясынан улам жайкы Олимпиада оюндарын кийинки жылга жылдыруу боюнча чечим кабыл алган. Кийинчерээк анын жаңы датасы белгиленип, 2021-жылдын 23-июлунан 8-августуна чейин өтмөй болгон.

121
Белгилер:
олимпиада, машыгуу, спорт, Канат Аманкулов, Кыргызстан
Тема боюнча
Сулуулар артыңыздан чуркап калат! Чымыр денелүү машыктыруучудан мастер-класс
Карантин бизге кеп бекен! Үйүн залга айландырып машыккан КР спортчулары. Видео
Антонина Шевченко Кэтлин Чукагян менен беттеш учрунда

Мындан да күчтүү болуп кайтам! Бети-башы көгала Антонина үн катты

80
(жаңыланган 11:26 31.05.2020)
Жеңилирээк салмак категориясында кармашкан кыздардын беттеши үч раундга чейин созулуп, убакыт бүткөндө жеңиш Антонинанын атаандашы Кэтлинге ыйгарылган.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко Лас-Вегаста өткөн UFC on ESPN 9 беттешинде утулуп калышы боюнча үн катты.

Шевченко бүгүнкү беттеште америкалык Кэтлин Чукагян менен кез келип, калыстардын бирдей чечими менен жеңилип калды. Каршылашы беттештин жүрүшүндө көбүрөөк үстөмдүк кылып, ар кайсы ыкманы колдонуу менен мелдешти батыраак жыйынтыктагысы келди.

"ММА — спорттун оор түрү, бирок бул мен тандаган жол жана эми октагонго мындан да күчтүү болуп кайтам", — деп жазган ал социалдык тармактагы баракчасына.

Бул америкалык спортчунун 14-жеңиши, ал эми Антонина Шевченконун UFC мушташындагы экинчи ийгиликсиз беттешүүсү.

Белгилей кетсек, америкалык спортчу акыркы беттешинде Валентина Шевченкого утулуп калган. Анда кыргызстандык чемпион аны үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңген.

80
Белгилер:
жеңилүү, беттешүү, Антонина Шевченко, ММА, UFC
Тема боюнча
Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео
Айланып туруп жаакка тепти! Шевченко катышкан турнирдин укмуштуу ирмемдери
Кыргызстандык спортчу Антонина Шевченко. Архив

Антонина Шевченко Лас-Вегастагы UFC турниринде жеңилип калды. Видео

381
(жаңыланган 08:18 31.05.2020)
Жеңил салмактагы эки мушкер аялдын беттешүүсү онлайн көрүп турган көптөрдүн бүйүрүн кызытты. Чукагян атаандашынан баары бир артыкчылык кылып турду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Кыргызстандык Антонина Шевченко Лас-Вегастагы ESPN 9 түрүндөгү UFC турниринде америкалык атаандашы Кэтлин Чукагянга жеңилип калды.

Беттеш Лаг-Вегаста өттү. Анын өзгөчөлүгү бир мушкердин эки бир тууган спортчу кыздар Шевченколорго атаандаш болгону экени айтылды.

Беттеш көрүүчүлөрсүз өттү. Жеңил салмактагы эки мушкер аялдын беттешүүсү онлайн көрүп турган көптөрдүн бүйүрүн кызытты.

Чукагян атаандашынан баары бир артыкчылык кылып турду. Биринчи раундда Шевченкону муунткан ыкма менен жеңгенге аракет кылып, анысын үч ирет кайталады. Бирок кыргызстандык спортчу алдырган жок.

Экинчи раудда Чукагян баары бир артыкчылык кылып, бир нече ирет “кол салды”.

Ал эми үчүнчү раундда Шевченкодон артыкчылык кылганы кадимкидей байкалып, андан соң финалдык гонг жаңырды.

Жыйынтыгында калыстар тобу жеңишти бир ооздон Чукагянга ыйгарышты.

Бул америкалык спортчунун 14-жеңиши, ал эми Антонина Шевченконун UFC мушташындагы экинчи ийгиликсиз беттешүүсү.

Америкалык спортчу акыркы беттешинде Валентина Шевченкого утулуп калган. Анда кыргызстандык чемпион аны үчүнчү раундда техникалык нокаут менен жеңген.

381
Белгилер:
UFC, Лас-Вегас, Антонина Шевченко, Кыргызстан
Тема боюнча
Шевченко америкалык Чукагянды баш көтөртпөй жеңип алды
Ооруканадагы өспүрүм. Архив

Өткөн суткада COVID-19 чыккандардын ичинде Россиядан келген өспүрүм бар

0
31-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны — 1748. Анын ичинен 1170 киши сакайып чыгып, 16сы каза болду.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев акыркы суткада коронавируска кабылганы аныкталган 26 киши вирусту кайдан илештирип алганын айтып берди.

“COVID-19 илдетин жаңы жуктурган 26 учурдун экөө сырттан келгендер. Биринчиси жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу, экинчиси энеси менен Россиядан келген өспүрүм. Калгандары жуктургандар менен байланышта болгондор”, — деди Үсөнбаев.

31-майга карата Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны — 1748. Анын ичинен 1170 киши сакайып чыгып, 16сы каза болду.

0
Белгилер:
ден соолук, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар
Тема боюнча
Өткөн суткада коронавирус 26 кишиден чыкты
Бүгүн бир аз көбүрөөк. Коронавирустан 57 киши сакайып чыкты
COVID-19: вируска каршы турган дагы алты медик оору жуктурду