Франциялык футболчу дүйнө чемпионатында алган алтын медалын сатып жиберди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүФранция курама командасынын оюнчулары 2018 Дүйнөлүк чемпионатынын сыйлык тапшыруу аземинде. Архив
Франция курама командасынын оюнчулары 2018 Дүйнөлүк чемпионатынын сыйлык тапшыруу аземинде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аукциондо Франциянын бир, Бразилиянын курама командасынын 1994 жана 2002-жылы утуп алган бир нече алтын медалы соодаланды.

БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Франциянын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу 2018-жылы Россиядагы дүйнө чемпионатында утуп алган алтын медалын сатты. Бул тууралуу Julien`s Auctions аукцион үйүнө шилтеме берип “Известия” басылмасы жазды.

Спортчунун аты-жөнү жана сыйлыкты сатууга эмне себеп болгону айтылган эмес. Бирок алтын медалдын аукциондо 66 миң еврого кеткени жазылган.

“Ошол эле аукциондо Бразилиянын курама командасы 1994 жана 2002-жылы утуп алган алтын медалдар сатылды”, — деп айтылат кабарда.

Эске салсак, 2018-жылы Россияда өткөн футбол боюнча дүйнө биринчилигинде Франция чемпион болгон. Финалда Франциянан курама командасы Хорватияны 4:2 эсебинде утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0