100 миллион долларынан ажырап. UFC көзүрү COVID-19дун кесепетин айтты

© REUTERS / Jasen VinloveОктагон. Архив
Октагон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беделдүү уюмдун президенти учурда спорттук компанияларда каржы маселеси жаралып жатканын айткан. Вируска байланыштуу эл турнирге топтолуп келе албагандыктан, билеттер сатылбай жатат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер уюму (UFC) коронавирус пандемиясынын кесепетинен 100 миллион доллардан ашык каражаттан кол жууйт. Бул тууралуу MMA Fighting басылмасы жазды.

Абсолюттук мушкерлер уюмунун башчысы (UFC) Дана Уайт Лас-Вегастагы UFC on ESPN 9 турниринен кийин журналисттерге маек берген.

"Азыр спорттун бардык түрүндө билеттерден акча түшпөй, кыйналып жатышат. Быйыл биз 100 миллион доллар каражатты жоготобуз, балким андан да көп", — деген ал.

Уайт эпидемиянын фонундагы каржылык каатчылыкта дагы UFC уюму турнирлерин уюштуруунун жолун таап жатканын кошумчалаган.

UFC уюмунун жеңилирээк салмактагы чемпиону Валентина Шевченко бир тууган эжесин Антонина менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ыңгайсыз болуп турам. Валентина эжеси Антонинаны колдогон сөздөрүн жазды
Буга чейин ESPN телеканалы маалымдагандай, промоутерлик компания коронавирусту текшерүүнү күчөттү. Эми мушкерлер турнирге аз калганда, отелге жайгашканга чейин жана салмакка түшүү процедурасынан кийин тест тапшырышы керек. Эгер мушкерден COVID-19 аныкталса, уюмдун жетекчилигинин буйругу боюнча команданын мүчөлөрү обочолонот.

50 жаштагы Дана Уайт өзү коронавируска беш жолу тест тапшырганы айтылат.

Уайттын планы боюнча, UFC турнирлеринин баары эми Лас-Вегаста же "Спорттук аралда" өтөт. Ал жакта мушкерлер көрүүчүлөрү жок беттешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0