UFC уюмунун эң мыкты мушкери Жон Жонс наамынан баш тартууда. Себеп

© AFP / Sean M. HaffeyUFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс. Архив
UFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жон Жонс спортчу Фрэнсис Нганну менен кармашуу үчүн уюмдун башчысынан 30 миллион доллар сураганы айтылууда. Бирок мушкер Дана Уайттын айткандарын төгүндөдү.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. UFC уюмундагы эң мыкты мушкерлердин жалпы рейтингинин сап башында турган Жон Жонс орточо оор салмак категориясындагы чемпиондук наамынан баш тартууда. Бул тууралуу америкалык мушкер Twitter баракчасында билдирди.

"Менин категориямда Доминик Рейес менен Ян Блаховичтин ортосунда чемпиондук беттеш уюштургула. Мага алар менен беттешүү эч нерсе деле бербейт. Кийинки жылы мени менен оңой беттеш өткөрөм десеңер кабар берип койгула. Ал убакта гонорар камдалуу болот деп ишенем", — деген Жонс.

Мушкерден бул билдирүү чемпиондук наамдан баш тартып жатканын билдиреби деп сурашканда, ал "ооба" деп жооп берген.

Бир нече убакыттан кийин ал айткандарын тастыктаган пост жазган.

"Жонс кетип жатат! Эгер мени көчөдөн көрүп калсаңар, жөн гана ЖЖ (JJ) деп чакыргыла", — деген ал.

Октагон. Архив - Sputnik Кыргызстан
100 миллион долларынан ажырап. UFC көзүрү COVID-19дун кесепетин айтты
ЖМКлардын жазганына караганда, анын бул чечимине спорттук уюмдун президенти менен урушуп кеткени себеп. Өткөн жумада Жон Жонс менен UFC көзүрү Дана Уайт алдыдагы беттешти уюштуруунун алкагында сүйлөшүп жатып бир пикирге келе албай коюшкан. Анда Жонс дагы бир белгилүү спортчу Фрэнсис Нганну менен кармашуу үчүн Уайттан эң ири делген 30 миллион доллар сураганы айтылат. Бирок чемпион UFC башчысын калпычы деп атап, уюмдан кетип каларын айтып коркуткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0