Дүйнө чемпионатына жолдомо: КР футболчуларынын оюнга чыкчу күндөрү айтылды

© Фото / пресс-служба ФФКРСборная Кыргызстана по футболу
Сборная Кыргызстана по футболу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы график боюнча Кыргызстан командасынын тандап алуу турлары марттан июнь айына чейин өтүшү керек эле, бирок коронавирус пандемиясынан улам жылдырылган.

БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстан футбол союзу 2022-жылкы Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндардын боюнча болжолдуу датасын жарыялады.

Улуттук курама команда өткөн жылы Тажикстан, Мьянма, Монголия, Япония өлкөлөрүнүн футболчулары менен төрт жолу беттешкен. Ал эми экинчи айлампада 2019-жылы ноябрь айында Тажикстан менен ойногон. Калган таймаштар март-июнь айларына белгиленген болчу. Бирок коронавирус пандемиясынан улам мелдештер жылган.

Мындан улам оюндарды күздө өткөрүү пландалууда.

  • Мьянма — Кыргызстан (конокто) — 13-октябрь;
  • Кыргызстан — Монголия (өз үйүндө) — 12-ноябрь;
  • Япония — Кыргызстан (конокто) — 17-ноябрь.

Учурда F тайпасында Кыргызстан экинчи орунда турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0