Кыргызстанда футбол клубдарына машыгуу өткөрүүгө уруксат берилди

© Sputnik / Александр Вильф / Медиабанкка өтүүФутбол. Тренировка сборной России
Футбол. Тренировка сборной России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын футбол союзу спортчуларга медициналык кароодон өтүүнү, санитардык нормаларды сактоону сунуштады.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Кыргызстанда футбол клубдарына машыгууларын жандантууга уруксат берилди. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Футболчулар оюн талаасына чыгып, төмөнкү турнирлерге даярдык көрүшөт:

  • Кыргыз премьер-лигасы (футбол);
  • Улуттук лига (футбол);
  • Экинчи лига (футбол);
  • Фан лига (футбол);
  • Кыргызстандын суперкубогу (футбол);
  • Кыргызстандын кубогу (футбол);
  • Ардагерлер лигасы (футбол);
  • Кыргызстандын суперлигасы (футзал);
  • Кыргызстандын кубогу (футзал);
  • КР Футзал ассоциация (футзал);
  • Суперкубок (футзал);
  • Евразия лигасынын III туру (көл жээгиндеги футбол).

Кыргызстандын футбол союзу спортчуларга медициналык кароодон өтүүнү, санитардык нормаларды сактоону, дене табын текшерүүчү каражаттар менен камсыздалууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0