Шевченконун каршылашы ким болушу мүмкүн? UFC башчысынын жообу

© REUTERS / Tom Szczerbowski-USA TODAY SportsUFC чемпиону Валентина Шевченко. Архив
UFC чемпиону Валентина Шевченко. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синтия Кальвильо UFC турниринин башкы беттешинде Валентина Шевченконун мурдагы каршылашын калыстардын бирдиктүү чечими менен утуп алды.

БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Америкалык Синтия Кальвильо кийинки беттешинде Валентина Шевченко менен октагондо жолуга алат. Бул тууралуу UFC уюмунун президенти Дана Уайт UFC on ESPN 10 турниринен кийин маалымат жыйында билдирди.

Өткөн дем алыш күндөрү болгон мелдеште Кальвильо өзүнүн мекендеши Жессика Айды утуп алды. Башкы беттеш беш раунд болуп, калыстардын бирдиктүү чечиминин негизинде Кальвильо жеңүүчү аталды.

"Ал жакшы даярдыкта болуп, мыкты беттеш өткөрдү. Синтия өзүнүн карьерасында биринчи беш раунддук мелдешке чыгып жатканына карабай партерде дагы, туруп алып дагы сонун кыймыл-аракеттерди жасап, өз максаттарын өтөсүнө чыгарды. Жыйынтыктоочу бөлүктүн алдында мен ага көз салып турдум, мага ал чарчагандай көрүнгөн жок", — деп баа берди Уайт.

Ал ошондой эле Кальвильо кыргызстандык мушкер Валентина Шевченконун эң негизги атаандашы экендигин баса белгиледи.

Бразилиялык чемпион Аманда Нуньес. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеңилгис экен! Шевченконун эзелки каршылашы Нуньестин жаңы жеңиши видеодо
"Синтия титулдук беттешке чыга алабы? Ооба, себеби ал рейтингдин сап башында турган спортчуну жеңди. Карагылачы, Гилберт Бернсти, ал дагы ошондой болду", — деди промоушендин башчысы.

Кальвильо он жолу жеңип, бир жолу тең чыгып, бир жолу утулуп калган. Башында ал аз салмактагылар арасында күч сынашып, рейтингде 10-орунда турган. Ал эки жолу салмакка түшүүдөн өтө албай жүрүп эң жеңил салмактагы дивизионго араң өткөн.

Буга чейин Жессика Ай Чикаго (АКШ) шаарында өткөн UFC 238 турниринин алкагында Шевченкодон утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0