Дүйнөнүн, Европанын жана Советтер Союзунун бир нече жолку чемпиону Александр Мелентьев. Архивдик сүрөт

Күчүн пайдалана албай койгонбуз... Олимпиада чемпиону Мелентьев жөнүндө 6 факты

287
(жаңыланган 21:01 27.06.2020)
Бүгүн, 27-июнда, Кыргызстанга Олимпиада оюндарынан алтын байге алып келген спортчу жана убагында көп баланы бийиктикке жеткирген машыктыруучу Александр Мелентьевдин туулган күнү. Ааламды багындырган спортчунун көзү тирүү болгондо быйыл 66 жашка толмок.

Sputnik Кыргызстан агенттиги дүйнөнүн, Европанын жана Советтер Союзунун бир нече жолку чемпионун кызыктуу фактылар менен эскерет. Анын спорттук жолун, ийгиликтерин жана тагдырын айтып беребиз. 

Өжөр өспүрүм. Белгилүү спортчу Александр Мелентьев 1954-жылы 27-июнда Россиянын Пенза шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин жакындары менен Фрунзеге келип жашап калган. Ата-энеси курулушта иштегендиктен, ал да жаштайынан түйшүкчүл, эмгекчил болуп өскөн. Болочоктогу чемпион мектепте окуп жүргөн кезинде ок атууга кызыга баштаган. 15 жашында анын бул спортко умтулуусун, өжөрлүгүн, чыдамкайлыгын байкаган машыктыруучу шакирт кылып алган. 

Победитель соревнований Дружба-84 в стрельбе из малокалиберного пистолета Мелентьев
© Sputnik / Простяков
Александр Мелентьев 1954-жылы 27-июнда Россиянын Пенза шаарында жарык дүйнөгө келген. Кийин жакындары менен Фрунзеге келип жашап калган.

Алгачкы ийгиликтер. Мектепти бүткөн соң борбор калаадагы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна тапшырып, профессионалдык спортко бел байлаган. 18 жашында эле эл аралык даражадагы спорт чебери наамын алып, 25 жашында ок атуу боюнча Кыргыз ССРинин атынан СССРдин курама командасына кирген.

Москвада 1980-жылы олимпиада кандай өткөн?

Олимпиада жана дүйнөлүк рекорд. Спортчу 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына катышып, бүткүл Советтер Союзун кубанычка бөлөгөн. Ал аталган эл аралык мелдештин алгачкы күнүндө миңдеген спортчулардын ичинен суурулуп чыгып, алтын медалды багындырган. Анда Мелентьев 33 атаандаш менен күч сынашып, 50 метр аралыктан тапанчадан 60 ирет ок аткан. Жалпысынан 581 упай топтоп, дүйнөлүк рекордду жаңылаганга жетишкен. Мелдеште кыргызстандык спортчунун жылдызы жанып, аны куттуктоо үчүн  Советтер Союзунун алты баатыры келген. 

Александр Мелентьев победил в стрельбе из малокалиберного пистолета на 50 метров. Международные соревнования Дружба-84.
© Sputnik / Юрий Простяков
1980-жылы Москвада өткөн Олимпиада оюндарына Мелентьев 33 атаандаш менен күч сынашып, 50 метр аралыктан тапанчадан 60 ирет ок аткан. Жалпысынан 581 упай топтоп, дүйнөлүк рекордду жаңылаганга жетишкен.

Дүйнөнү багынткан Александр. Тажрыйбалуу спортчу он жылдай түрдүү мелдештерге катышып, эл аралык аренада өлкөнүн желегин татыктуу желбиреткен. Көзгө атар мерген командасы менен сегиз жолу дүйнөнүн, жети жолу Европанын, 13 жолу СССРдин чемпиону болуп, эки жолу Европа биринчилигинде күмүш медаль тагынып, бир топ мамлекеттерде кадыры зор эле. Рекордчунун 1980-жылдагы жетишкендигин 34 жылдан кийин гана кореялык Чин Чжон О жаңылай алган.

Жетим өсүп жетилген. Башкы стадионго аты берилген Дөлөн Өмүрзаков деген ким?

Чет элдиктердин устаты. Эл аралык класстагы спорттун чебери Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин чет мамлекетке машыктыруучу болуп иштеп кеткен. Бирок аны 1970-жылдардын соңунда эле украиналык аткаминерлер чакырып алууга аракет жасаган. Ал эми 1990-жылдары Мелентьев Жаңы Зеландия, Кувейт, Малайзия, Катар курама командаларын даярдап, кийин АКШда эмгектенген. Он жылдан ашык убакыт ичинде бир топ күчтүү спортчуларды тарбиялаган. 

Золотой призер Московской Олимпиады по стрельбе из произвольного пистолета Александр Мелентьев
© Sputnik / Юрий Сомов
Дүйнө жүзүнө белгилүү машыктыруучу 2015-жылы февраль айында Бишкекте 62 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон.

Кыргызстанды кыя албай... Андан соң 2006-жылы Кыргызстанга кайтып келген. Себеби анын бул жакта баласы болгон. Кесиптештери Мелентьев АКШдагы жумушун таштап келгендигине карабастан, анын тажрыйбасын кыргызстандыктар колдоно албай калгандыгын айтып, арман кылышат.

Адамгерчиликтүү, өтө жөнөкөй, кичипейил спортчу биринчи никедеги келинчеги менен бир уулду тарбиялап өстүргөн. Вячеслав Мелентьев атасындай тапанча менен ок атууга ыктап, спорттун чебери болгон.

Учурда экинчи жубайы уулу менен АКШда жашап келет. Дүйнө жүзүнө белгилүү машыктыруучу 2015-жылы февраль айында Бишкекте 62 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон

287
Белгилер:
факты, Александр Мелентьев, чемпион, Кыргызстан
Тема:
Москвадагы Олимпиада-80 (16)
Тема боюнча
Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт
Москваны багындырган мугалим Кондучалова. Легендарлуу министр жөнүндө 8 факты
Голливудду багындырган казак режиссёр. Тимур Бекмамбетов тууралуу 7 факты
Ирландиялык Конор Макгрегор жана россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архивдик сүрөт

Нурмагомедов: Гэтжиден кийин Макгрегор менен кармашууга даярмын

179
(жаңыланган 17:43 14.08.2020)
Эки жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди реванш-беттешке чакырып келген. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов Москвадагы маалымат жыйынында америкалык Жастин Гэтжиден кийин ирландиялык Конор Макгрегор менен беттешүүгө даяр экенин жар салды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Белгилей кетсек, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында Гэтжи менен күч сынашат. Ал эми Макгрегорду мындан эки жыл мурун Лас-Вегастагы турнирде уткан. Беттештин аягы ызы-чуу менен коштолуп, эки тараптын командасы массалык уруш чыгарган. Окуядан кийин Нурмагомедов беттештерден четтетилип, ири көлөмдөгү айыпка жыгылган.

Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады

"Гэтжиден соң ким менен болсо да кармашканга даярмын. Ал Тониби (Фергюсон) же Конорбу (Макгрегор), айырмасы жок", — деген спортчу.

2018-жылдан бери ирландиялык спортчу россиялык мушкерди бир нече ирет реванш-беттешке чакырып, UFC президенди Дана Уайт дагы аны уюштурууга кызыкдар экенин билдирип келет. Бирок Хабибдин менеджери ал Конорду атаандаш катары көрбөй турганын айткан болчу.

179
Белгилер:
реванш, беттешүү, Конор Макгрегор, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Конор мыкты мушкерлерди атап, ага Хабибди кошкон жок. Атаандашынын жообу
Шевченко октагонго кайтты! UFC ал наамын коргой турчу күндү так айтты
Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты
Россиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов

Түрдүү ой келет... Хабиб карьерасын жыйынтыктоону ойлогонун моюндады

172
Хабиб өзүн ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратканын белгилеген. Ошондой эле келечекте машыктыруучулук менен чектелбей турганын айтты.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Россиядан чыккан Абсолюттук мушкерлер уюмунун (UFC) чемпиону Хабиб Нурмагомедов карьерасын жыйынтыктоо ою болгонун моюндады. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдиргенин РИА Новости жазды.

Спортчу азыр чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп алууга даярдык көрүп жатканын белгилеген. Эске салсак, Нурмагомедов 24-октябрда Абу-Даби шаарында америкалык Жастин Гэтжи менен күч сынашат.

"Ар кандай ойлор келет, азыр деле карьераны жыйынтыктоо тууралуу ойлоном. Бирок учурда алдыдагы беттешке даярданып жатам, узакка план койгон жокмун. Сентябрда 32ге чыгам, жаш спортчу эмесмин. Акырындан ардагер спортчулардын катарына кошулуп баратам. Сегиз жылдан бери UFC октагонуна чыгып келем. Эртерээк беттештерге кайтып, деги эле бир нерсе менен алек болгум келип жатат", — деген Хабиб.

Менеджер: Хабиб карайлап турат, бирок быйыл Гэтжи менен беттешет

Мындан тышкары, ага "саясатка барасызбы?" деген суроо узатылган. Мушкер спорттогу ишин аягына чыгара электигин жана креслосу жок эле элге жардам берсе болорун айткан.

Бирок ошол эле учурда өзүн келечекте машыктыруучулук менен чектебей турганын кошумчалаган.

172
Белгилер:
беттешүү, карьера, спорт, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Шайтан алгыр! Сен-Пьер аны Нурмагомедов менен беттештирүү боюнча үн катты
Жайлоодо мал кайтарып жүргөн киши. Архивдик сүрөт

Ишембиге карата аба ырайы

0
(жаңыланган 21:01 14.08.2020)
15-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Ал эми республиканын калган аймактарында күн ачык болот.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эртең күндүз өлкөнүн айрым аймактарында маал-маалы менен жамгыр себелеп, күн күркүрөйт. Чүй, Ош жергесинин дыйканчылык аймактарында жана Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Окумуштуулар: жакында ысыктын айынан сыртта иштөө мүмкүн болбой калат

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +29...+34, Талас жергесинде +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +30...+35, Ысык-Көлдө +22...+27 жана Нарын аймагында +21...+26 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +32...+34, Ош шаарында +31...+33, ал эми Чолпон-Атада +22...+24 градуска чейин жетет.

0
Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Ачка калбайбызбы? Кыргызстанда канча түшүм жыйналды