UFC чемпиону Петр Ян. Архивдик сүрөт

UFC чемпиону Петр Ян кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевге алкыш айтты

409
(жаңыланган 09:22 14.07.2020)
Петр Ян чемпиондук кур үчүн Жозе Альдо менен болгон беттешке Рафаэль Физиев машыктыруучулук кылган Tiger Muay Thai залында даярданган.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Петр Ян кыргызстандык Рафаэль Физиевге (Атаман) жана анын командасына ыраазычылык айтты. Бул тууралуу чемпион өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Петр "No Mercy" Ян (@petr_yan)

Ян чемпиондук кур үчүн Жозе Альдо менен болгон беттешке Tiger Muay Thai залында машыккан. Бул спорттук жайда кыргызстандык мушкер кикбоксинг боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет.

UFC: бирин-бири аябай... Жарым жеңил салмактагы дивизиончулар беттешкен видео

Петр Ян машыгууда жардам көрсөткөндөрдүн сүрөттөрүн жарыялап, алкыш айткан.

"Бул балдарга чоң рахмат айткым келет. Алар пандемияга карабай, менин беттешке даярдануума жардам көрсөтүштү", — деп жазган ал.

27 жаштагы россиялык мушкер чемпиондук кур үчүн беттештин бешинчи раундунда атаандашын техникалык нокаут менен утуп алган.

Эскерте кетсек, кыргызстандык мушкер "Атаман" каймана аты бар Рафаэль Физиев да 18-июлда Абу-Дабиде өтүүчү UFC уюмунун турниринде англиялык Марк Диакези менен беттешке чыгат.

409
Белгилер:
Instagram, ыраазычылык, Рафаэль Физиев, Петр Ян, UFC
Тема боюнча
Россиялык дагы бир мушкер UFC чемпиону аталды. Видео
UFC: бирин-бири аябай... Жарым жеңил салмактагы дивизиончулар беттешкен видео
Башка, бетке, чыкыйга тээп... UFC беттешиндеги эсте калчу учурлардын видеосу

Жолунан адашкан атаандашын астына өткөргөн триатлончу сыйга татыды. Видео

114
(жаңыланган 09:31 22.09.2020)
Испаниялык триатлончу Диего Ментрид Santander 2020 мелдешинде марага жетер алдында атаандашын астына өткөрүп жиберген аракети үчүн баатыр аталды.

The Daily Mail маалымат булагы жазгандай, окуя Испаниянын Сантандер шаарында өткөн триатлон мелдешинде болгон.

Жарышта марага саналуу кадамдар калганда Ментрид жолунан адашып, катачылык кетирген англиялык атаандашы Джеймс Тигладан озуп кеткен. Британдык спортчу коло байгеден кол жууганына аттиң кылып жатканда, аны астыда бара жаткан атаандашы алдына өткөрүп жиберген.   

"Анын чуркап келе жатып эле капыстан жолунан адашып, ылдамдыгын жоготуп, артта калып калганын көрдүм дагы жол бошоттум. Атаандаш алдыңкы орунга татыктуу болчу", — деген спортчунун сөзүн басылма жазган.

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

Мелдештин уюштуруучулары Ментриддин мындай жоомарттык кадамын баалап, ага үчүнчү орундун байгесине тете акчалай сыйлык беришкен. Испаниялык триатлончу 300 евро сый акы алган.

114
Белгилер:
эрдик, Испания, триатлон, спорт
Тема боюнча
Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео
Брайтон клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады

Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео

241
Олдоксон кыймылы үчүн футболчу кызыл айып кагазы менен жазаланып, беттештен четтетилген. Мындай чечимди кабыл алуунун алдында калыс видеону кайталап көргөн.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Брайтон" клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады. Футболчулардын бири-бирин тээп алган учурун The Sun жазган.

​Бул окуя Англия премьер-лигасынын экинчи турунда "Брайтон" жана "Ньюкасл" клубдарынын беттешинде болгон. Футболчулар асманга көкөлөгөн топту талашкан. Бийиктеги топту Льюис кайкалаган абалда тээп салууга аракет жасайт. Ал учурда анын буту топту башы менен сүзгөнү жаткан Биссуманын бетине тийген.

​Атаандашын жыга тепкен окуя жакында эле Франциянын кыз-келиндер футболунда катталган.

241
Белгилер:
жаза, кагаз, айып, футбол
Тема боюнча
ПСЖ — "Марсель" футболчулары мушташа кетип, бешөө оюндан куулду. Видео
Күйүп жаткан унаа. Архив

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

0
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралгандыктан айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында унаа капталына кулап, күйүп кетти. Жабыркагандар бар. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми жеринен тартылган видеону Instagram тиркемесиндеги Shtraf.kg баракчасы жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Штраф KG🇰🇬🚔 (@shtraf__kg)

Кадрдан көрүнүп тургандай, кырсыктын күбөлөрү Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын ичинен жүргүнчүлөрдү чыгарууга жардам беришкен. Унаанын ичинде үч чоң адам жана эки бала болгон.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык кечээ күнү саат 14:00дөр чамасында, трассанын 117-чакырымында катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралган. Натыйжада айдоочу рулду башкара албай калып, унаа капталына оодарылып, өрт чыккан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен жубайы жабыркап, ооруканага жеткирилгени айтылды.

0
Белгилер:
жол кырсык, трасса, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Оштогу автокырсыктан 10 киши жабыркады