Антонина Шевченконун UFC рейтингиндеги орду ылдыйлады

© Sputnik / Александр ГальперинКыргызстандык мушкер Антонина Шевченко
Кыргызстандык мушкер Антонина Шевченко  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыланган тизмеде чемпиондук орунда дагы деле кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко турат. Антонинаны утуп алган Чукагян тизмеде биринчи сапта.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. UFC уюму акыркы айдагы жаңыланган рейтингин чыгарды. Кыздар арасында жеңил салмакта күч сынашып келген кыргызстандык Антонина Шевченко бир тепкич ылдыйлап, 12-катардан 13-сапка түштү. Бул тууралуу аталган мушкерлер уюмунун расмий сайтында айтылат.

"Пантера" каймана аты бар Антонина 1-июнда Лас-Вегаста Кэтлин Чукагян менен беттешип, упай айырмасы менен жеңилип калган. Бул анын карьерасындагы экинчи утулушу.

UFC чемпиону Петр Ян кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиевге алкыш айтты

Жаңыланган рейтингдеги тизмеде чемпиондук орунда дагы деле кыргызстандык спортчу Валентина Шевченко турат. Ал эми Антонинаны утуп алган Чукагян тизмеде биринчи сапта.

Эркектерден жеңил салмактагылар арасында жакында эле чемпион болгон россиялык мушкер Петр Ян алдыга чыкты. Марлон Мореас биринчи сапта.

Жаңылыктар түрмөгү
0