Рафаэль Физиев “Мушкерлер аралындагы” беттеште жеңүүчү болду. Видео

© REUTERS / UFC / Jeff Bottari/Zuffa LLC via USA TODAY SportsРафаэль Физиев жана Марк Диакези
Рафаэль Физиев жана Марк Диакези - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рафаэль Физиев UFC мелдешиндеги кезектеги беттешин жеңди. Анын атаандашы Костолом каймана аты бар англиялык Марк Диакези болду.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев Яс аралындагы UFC Fight Island 2 мелдешиндеги беттешин жеңди. Кыргызстандык мушкер англиялык Марк Диакези менен мелдештин башкы кардында күч сынашкан.

Бүгүн, 19-июлдун таңында, Абу-Даби шаарындагы “Мушкерлер аралында” өткөн беттеш үч раундга созулуп, калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Рафаэль Физиев (Атаман) жеңүүчү деп табылды.

​Бул кыргызстандык мушкердин UFC мелдешиндеги кезектеги жеңиши болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0