Физиев UFC беттешинде "Матрицадагы" трюкту кайра жасады. Видео

© REUTERS / UFC / Jeff Bottari/Zuffa LLC via USA TODAY SportsКыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев жана Марк Диакизе
Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев жана Марк Диакизе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн таңда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кыргызстандык мушкер британдык Марк Диакезини жеңип алды.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев UFC мелдешиндеги беттешинде "Матрица" тасмасындагыдай өзүнүн кезектеги трюгун жасады.

​Бүгүн таңда Абу-Даби шаарындагы "Мушкерлер аралында" өткөн мелдеште кыргызстандык мушкер британдык Марк Диакезини жеңип алды. Беттеш үч раундга созулду. Калыстардын бир добуштан чыгарган чечими менен Физиев жеңүүчү деп табылган.

Гонорарынан тышкары 50 миң доллар алган Физиев катуу толкунданды. Видео

Физиев буга чейин, 2017-жылкы беттешинде, атаандашынын чимирилип бут менен жиберген соккусунан артка ийилип качып, "Матрица" тасмасындагы Неонун трюгун кайталаганы менен таанымал болгон.

Бүгүнкү UFC Fight Island 2 мелдешиндеги жеңиши Рафаэль Физиевдин экинчи ийгилиги.

Жаңылыктар түрмөгү
0