Мушкер Рафаэль Физиев. Архивдик сүрөт

Төрага Жумабеков мушкер Физиевди UFC мелдешиндеги жеңиши менен куттуктады

102
(жаңыланган 13:12 20.07.2020)
Телефон аркылуу куттуктоосунда төрага бүтүндөй Кыргызстандын эли мушкерге күйөрмандык кылганын, өлкө апаат күндөрдү баштан кечирип жаткан тушта мындай жаңылык элди кубандырарын билдирген.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Парламент төрагасы Дастанбек Жумабеков мушкер Рафаэль Физиевди UFC мелдешиндеги жеңиши менен куттуктады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы билдирди.

Телефон аркылуу куттуктоосунда төрага бүтүндөй Кыргызстандын эли мушкерге күйөрмандык кылганын белгиледи.

Эске сала кетсек, кыргызстандык мушкер Рафаэль Физиев 19-июлда Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралында" өткөн UFC Fight Island 2 мелдешинде англиялык Марк Диакези менен беттешип, жеңип алган

Физиев жеңишинен кийин кыргызстандыктарга кайрылды. Видео

"Мындай жогорку деңгээлдеги окуялар күн сайын эле боло бербейт. Учурда Кыргызстандагы эпидемиялык абал элди тынчсыздандырып турган чакта мындай жаңылык ар бир кыргызстандыкты кубандырат", — деп белгилейт Дастанбек Жумабеков.

Төрага мүмкүнчүлүк болгондо мушкердин өзү менен жолугуп, аны куттуктаарын да кошумчалаган.

Өз кезегинде Рафаэль Физиев көңүл буруп колдоосу үчүн парламенттин төрагасына ыраазычылык айтты.

102
Белгилер:
Рафаэль Физиев, Дастанбек Жумабеков
Тема боюнча
Физиев UFC беттешинде "Матрицадагы" трюкту кайра жасады. Видео
Америкалык мушкер Жастин Гэтжи. Архив

Гэтжи: Нурмагомедовдун бети-башын канга боёйм

332
(жаңыланган 19:12 23.09.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Америкалык мушкер Жастин Гэтжи UFC чемпиондугу үчүн россиялык Хабиб Нурмагомедов менен боло турган беттешин кандай пландап жатканын айтты. Бул тууралуу BJ Penn маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Нурмагомедов менен Гэтжинин кармашы 24-октябрда өтүүчү UFC 254 мелдешинин башкы беттеши болмокчу. Гэтжи учурда Абсолюттук мушкерлер чемпионатынын жеңил салмактагы чемпиондук курунун утурумдук ээси болуп саналат.

"Мен Хабибдин оозун канжалатарымды билем. Мен анын өзүнүн токмоктолгонун көрсүн дейм. Анын буга жасаган реакциясын көргүм келет. Ал мендей келесоо эмес. Анын мушташуу ыкмасы канжалата сабаган көрүнүштөрдү камтыбайт. Өзүнүн канга боёлгон абалын көрүп калышы мүмкүн экени Нурмагомедовдун оюна да келбесе керек. Бул ал үчүн эч качан чечүүчү фактор болгон эмес", — деген Гэтжи.

Жастин Гэтжи ушул жылдын 9-майында мекендеши Тони Фергюсонду уткандан кийин россиялык мушкерге башкы атаандаш болгон. ММА спортунда Гэтжи 24 беттеш өткөрүп, анын 22син утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Нурмагомедов октагондо Гэтжиден эмнеси менен айырмаланарын айтты

Ал эми Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 беттешке чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Акыркы ирет россиялык мушкер 2019-жылдын 8-сентябрында америкалык Дастин Порье менен октагонго чыгып, экинчи раундда муунтуу ыкмасы менен утуп, UFC чемпиону наамын экинчи ирет коргогон. Дагестандык спортчу учурда дүйнөдөгү эң абройлуу мушкерлер уюмунун жеңил салмактагы чемпиону.

332
Белгилер:
кур, чемпион, беттешүү, Хабиб Нурмагомедов, UFC, Жастин Гэтжи
Тема боюнча
UFC "Мушкерлер аралында" 5 мелдеш өткөрүп, бирине Хабиб Нурмагомедов чыгат
Манчестер Сити клубунун жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне

Роналду да, Месси да жок. УЕФАнын "мыкты футболчусуна" үч талапкер тандалды. Видео

155
(жаңыланган 18:27 23.09.2020)
УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. "Манчестер Сити" клубунун жарым коргоочусу Кевин Де Брюйне, "Бавариянын" чабуулчусу Роберт Левандовски жана дарбазачысы Мануэль Нойер УЕФАнын 2019/2020-жылдагы мыкты футболчусу сыйлыгына башкы үч талапкердин катарына кирди. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

УЕФАнын мыкты футболчу сыйлыгы 2010-жылдан бери ыйгарылып келет. Анын тарыхында Криштиану Роналду менен Лионель Месси алгачкы жолу алдыңкы үчтүккө кирбей калды.

Талапкерлер 2019/2020-жылы Чемпиондор лигасына жана Европа лигасына катышуучу клубдардын 80 машыктыруучусу, ошондой эле 55 журналист курамына кирген калыстардын добушу менен тандалган. Мында машыктыруучуларга өз клубунда ойногон футболчуларга добуш берүүгө уруксат берилген эмес.

Гүлжигит Алыкулов "Кайраттын" УЕФА мелдешиндеги голуна жардам берди. Видео

Европанын мыкты футболчусунун ысымы Чемпиондор лигасы мелдешинде өзгөчөлөнгөн футболчулар менен кошо 1-октябрда Ньон шаарында Чемпиондор лигасынын 2020/2021-жылдагы сезонуна чүчү кулак тартуу салтанатында айтылат.

Тандоого ылайык кийинки катарларда:

4. Лионель Месси (Барселона) 53 добуш

Неймар (Пари Сен-Жермен) 53 добуш.  Экөө бир сапта туруп калды.

5. Томас Мюллер (Бавария) 41 добуш

6. Килиан Мбаппе (Пари Сен-Жермен) 39 добуш

7. Тьяго Алькантара (Бавария) 27 добуш

8. Жошуа Киммих (Бавария) ) 26 добуш

9. Криштиану Роналду (Ювентус) 25 добуш алышкан.

155
Белгилер:
Чемпиондор лигасы, мыкты оюнчу, футбол
Тема боюнча
FIFA футбол командаларынын рейтингин жаңылап, Кыргызстан бир сапка көтөрүлдү
Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео
Манас эл аралык аэрпорту. Архив

Француз компаниясы өлкөдөгү ири аэропортторду оңдоп-түзөөгө кызыкдар

0
(жаңыланган 23:26 24.09.2020)
Өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги француз компаниялары Кыргызстанда ишке ашырып жаткан жана пландаган долбоорлору жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Франциянын Aеroports de Paris жана TAV Airports аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Франциянын КРдеги элчиси Микаэль Ру менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу видеоконференция өткөргөн.

Тараптар акыркы жылдардагы кыргыз-француз кызматташтыгынын жана соода-экономикалык байланышынын өнүккөнүн талкуулашкан.

"Атап айтканда, Aеroports de Paris жана TAV Airports Париж аэропортторунун эл аралык операторлору "Манас" жана "Ош" аэропортторун реконструкциялоо боюнча долбоорлорго катышууга даяр. Ал эми GE Hydro France компаниясы Ат-Башы жана Токтогул ГЭСтерин реконструкциялоо жана калыбына келтирүү боюнча долбоорлорду ишке ашырып жатат. Flowbird компаниясы паркинг системаларды эсептегичтерди орнотуу боюнча долбоорду ишке ашырууну пландаштырууда, ошондой эле EGIS компаниясы Ош — Баткен — Исфана автоунаа жолун реконструкциялоо долбоорун ишке ашырды. Бир катар башка инфратүзүмдүк долбоорлорду ишке ашыруу күтүлүүдө. Ошондой эле быйыл Бишкекте Novotel франциялык мейманкана тармагын ачуу пландалууда", — деп айтылат маалыматта.

Кытай өрт өчүргөн 100 автоунаа бермекчи. Айдарбеков кесиптеши Ван И менен жолукту

Министр Айдарбеков жемиштүү эмгеги үчүн Руга ыраазычылык билдирип, ТИМдин Ардак грамотасы менен сыйлады.

0
Белгилер:
аэропорт, экономика, элчи, ТИМ, Франция, Кыргызстан
Тема боюнча
Жээнбеков Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешине өкүл болууга умтулганын эскертти