France Football: быйыл "Алтын топ" сыйлыгы берилбейт

© AFP / FABRICE COFFRINI"Алтын топ" сыйлыгы. Архив
Алтын топ сыйлыгы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл "Алтын топтун" жеңүүчүсү болбойт. Анткени салмактап, анализдеп көргөндөн кийин сыйлыкты ыйгаруудагы шарттар толук аткарылбай калгандыгы белгилүү болгон.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. France Football журналы 2020-жылдын мыкты футболчусуна "Алтын топ" сыйлыгын бербейт. Бул тууралуу аталган басылманын сайтына таянып РИА Новости жазды.

"Алтын топ" сыйлыгы 1956-жылдан бери быйыл биринчи жолу берилбей кала турган болду. 2020-жылы бул сыйлыктын жеңүүчүсү аныкталбайт. Анткени салмактап, анализдеп көргөндөн кийин сыйлыкты ыйгаруудагы шарттар толук аткарылбай калгандыгы белгилүү болду. Быйылкы жыл башка жылдардай каралбашы керек деп эсептейбиз", — деп билдирген франциялык журналдын башкы редактору Паскаль Ферре.

Месси карьерасындагы 700-топту киргизди

"Алтын топ" сыйлыгы Европадагы жылдын мыкты футболчусуна сыйлык катары France Football журналы тарабынан 1956-жылы негизделген. 2010-жылы Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) жана France Football журналы "Алтын топ" жана "ФИФАнын жылдын футболчусу" сыйлыктары бириктирилгенин жар салышкан.

2016-жылдын сентябрынан тарта France Football менен ФИФА уюмунун өнөктөштүгү токтотулуп, сыйлык мурдагы система менен бериле баштаган.

"Алтын топ" сыйлыгына өткөн жылы Испаниянын "Барселона" клубунун футболчусу Лионель Месси татыган.

Жаңылыктар түрмөгү
0