Токио-2021дин программасы чыгып, Айсулуу 3-августта күрөшмөй болду

© пресс-служба ГАМФКиСЧемпионата мира по спортивной борьбе в Астане. Женская борьба до 62 кг.
Чемпионата мира по спортивной борьбе в Астане. Женская борьба до 62 кг.  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңыланган жадыбал боюнча спорттук күрөштөр 7 күнгө, 1-августтан 7-августка чейин созулат. Айсулуу Тыныбекова менен Атабек Азисбеков 3-августта күрөшкө чыгышат.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Токио-2021 Олимпиадасынын уюштуруу комитети бүгүн мелдештердин өзгөртүлгөн программасын жарыялады. Бул тууралуу маалымат уюштуруу комитетинин сайтына чыкты.

Ага ылайык, дүйнө чемпиону, кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 3-августта килемге чыгат. Грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков да ошол күнү күрөшөт.

Каныбек Осмоналиев Токиого барчу Тыныбекова жана Азисбеков менен жолукту. Сүрөттөр

Жаңыланган жадыбал боюнча спорттук күрөштөр 7 күнгө, 1-августтан 7-августка чейин созулат.

Ар бир салмакта 16 катышуучу бар.

1-августта эң оболу грек-рим күрөшүнүн 60, 130 килограмм салмактагы балбандары, кыздар күрөшүнөн 76 килограмм салмактагылар кармашка чыгышат.

Эркин күрөш чеберлери 4-августтан тарта күч сынашмакчы.

Бегалиев: атактуу спортчулар жаштар менен тажрыйбасын бөлүшсө спорт өнүгөт

62 килограмм салмакта күч сынашкан кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова 3-августта килемге чыгат.

Токио Олимпиадасына лицензия алган Кыргызстандын грек-рим күрөшүнүн чебери Атабек Азисбеков да 3-августта таймашка чыгат.

Эскерте кетсек, бул эки спортчу былтыр Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн дүйнө чемпионатында ийгилик жаратып, Токио Олимпиадасына лицензия алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0