UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко эзелки атаандашы Аманда Нуньес менен. Архивдик сүрөтү

Шевченко: Нуньес мен көздөгөн акыркы атаандаш

309
(жаңыланган 11:12 22.07.2020)
Кыргызстандык мушкер "Нуньес менен аягына чыкпай калган окуя" боюнча айтып келсе, эми анын спорттон кетери тууралуу чечимине комментарий берди.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. UFC уюмунун эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко эзелки атаандашы Аманда Нуньестин (жарым жеңил жана жеңил салмактын чемпиону) спорттон кетерине эч капаланбай турганын билдиргенин The Score жазып чыкты.

"Бул анын жеке иши. Кандай чечим кабыл алганы мени кызыктырбайт. Менин максатым — чемпиондук наамды мүмкүн болушунча узак убакытка коргоп калуу. Эгер биз октагондо кайрадан кезигип калсак, катуу кармаш болот. Ал дүйнөдө мен көздөгөн акыркы аттаандаш", — деди Шевченко.

Июнь айында Аманда Нуньес алдына койгон бардык максаттарына жеткенин, ошондуктан карьерасын жыйынтыкташы мүмкүн экенин айткан.

Рафаэль Физиевге UFC канча гонорар төлөп берери белгилүү болду

Кыргызстандык мушкер Шевченко буга чейин Нуньес менен эки ирет беттешке чыгып, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган.

Алгачкы жолу UFC 196 мелдешинде бразилиялык спортчуга калыстардын бирдей чечими менен жеңиш ыйгарылса, UFC 215 таймашында калыстардын көбү Нуньеске упай беришкен.

Кийин кыргызстандык мушкер эң жеңил салмак категориясына өтүп, чемпион болгон. Ошондон бери "Нуньес менен аягына чыкпай калган окуя" тууралуу айтып келет.

309
Белгилер:
UFC, Аманда Нуньес, Валентина Шевченко
Тема боюнча
Шевченко World MMA Awards премиясына эки категория боюнча көрсөтүлдү
Валентина Шевченко тартылган тасма Торонто кинофестивалында көрсөтүлөт

Жолунан адашкан атаандашын астына өткөргөн триатлончу сыйга татыды. Видео

127
(жаңыланган 09:31 22.09.2020)
Испаниялык триатлончу Диего Ментрид Santander 2020 мелдешинде марага жетер алдында атаандашын астына өткөрүп жиберген аракети үчүн баатыр аталды.

The Daily Mail маалымат булагы жазгандай, окуя Испаниянын Сантандер шаарында өткөн триатлон мелдешинде болгон.

Жарышта марага саналуу кадамдар калганда Ментрид жолунан адашып, катачылык кетирген англиялык атаандашы Джеймс Тигладан озуп кеткен. Британдык спортчу коло байгеден кол жууганына аттиң кылып жатканда, аны астыда бара жаткан атаандашы алдына өткөрүп жиберген.   

"Анын чуркап келе жатып эле капыстан жолунан адашып, ылдамдыгын жоготуп, артта калып калганын көрдүм дагы жол бошоттум. Атаандаш алдыңкы орунга татыктуу болчу", — деген спортчунун сөзүн басылма жазган.

Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

Мелдештин уюштуруучулары Ментриддин мындай жоомарттык кадамын баалап, ага үчүнчү орундун байгесине тете акчалай сыйлык беришкен. Испаниялык триатлончу 300 евро сый акы алган.

127
Белгилер:
эрдик, Испания, триатлон, спорт
Тема боюнча
Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео
Брайтон клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады

Топтун ордуна атаандашын бетке тепкен футболчу оюндан куулду. Видео

244
Олдоксон кыймылы үчүн футболчу кызыл айып кагазы менен жазаланып, беттештен четтетилген. Мындай чечимди кабыл алуунун алдында калыс видеону кайталап көргөн.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. "Брайтон" клубунун оюнчусу Ив Биссума топту акробатикалык ыкмада тебем деп атаандашы Жамал Льюисти көзүнөн ажыратып коё жаздады. Футболчулардын бири-бирин тээп алган учурун The Sun жазган.

​Бул окуя Англия премьер-лигасынын экинчи турунда "Брайтон" жана "Ньюкасл" клубдарынын беттешинде болгон. Футболчулар асманга көкөлөгөн топту талашкан. Бийиктеги топту Льюис кайкалаган абалда тээп салууга аракет жасайт. Ал учурда анын буту топту башы менен сүзгөнү жаткан Биссуманын бетине тийген.

​Атаандашын жыга тепкен окуя жакында эле Франциянын кыз-келиндер футболунда катталган.

244
Белгилер:
жаза, кагаз, айып, футбол
Тема боюнча
ПСЖ — "Марсель" футболчулары мушташа кетип, бешөө оюндан куулду. Видео
Лаборатория кызматкерлери. Архив

Казакстан коронавируска каршы вакцина чыгарып, ДССУда талапкер болуп катталды

0
(жаңыланган 21:13 22.09.2020)
Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстан коронавируска каршы колдонулуучу вакцина иштеп чыгып, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна талапкер катары каттады. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди.

Аталган препарат ийнесиз колдонулуп, мурунга чачыла турганы белгиленет.

Иштеп чыгуу процессине катышып жаткан казакстандык профессор Кайсар Табынов учурда вакцина жаныбарларга сыналып жатканын билдирген.

Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат

Азыркы тапта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесине Казакстандын COVID-19га каршы төрт вакцинасы катталганы айтылат. Анын ичинен үчөө клиникага чейинки сыноо стадиясында турса, бирөө ыктыярчыларга сынала баштаган.

0
Белгилер:
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму, Казакстан, вакцина
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинаны биринчи кимдер алат
ДССУ COVID-19га каршы чыгарылып жаткан вакциналардын санын айтты