Атактуу Майк Тайсон менен Рой Жонс беттеш өткөрүүнү көздөп жатат

© AFP / Noam Galai / Getty Images for AYS Sports MarketingАКШлык белгилүү боксчу Майк Тайсон. Архив
АКШлык белгилүү боксчу Майк Тайсон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул тапта тараптар беттеш кандай негизде өтөрүн талкуулап, келишим түзүүгө кам көрүүдө. Таймаштын кайсы күнү болору ушул жумада айтылмакчы.

БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Атактуу боксчулар Майк Тайсон менен кенже Рой Жонс сентябрь айында рингге чыкканы жатат. Бул тууралуу sport.ru жазды.

Маалыматка караганда, ушул тапта тараптар беттеш кандай негизде өтөрүн талкуулап, келишим түзүүгө кам көрүүдө. Таймаштын кайсы күнү болору ушул жумада айтылмакчы. Беттеш АКШда сентябрь айында сегиз раунддук форматта өтөрү айтылууда.

Тайсон буга чейин рингге кайткысы келгенин айтып жүргөн. Ал акыркы жолу 2005-жылы ирландиялык Кевин Макбрайд менен күч сынашып, утулуп калган эле.

КМШ өлкөлөрүнүн биринчи спорттук турнирин сентябрда өткөрүү пландалууда

54 жаштагы спортчу мурдагы дүйнө чемпиону, карьерасында 58 мелдеш өткөргөн. Элүү кармашта жеңишке жетип, анын ичинен 44үндө аттандаштарын нокаутка сулаткан. Алты ирет жеңилип, эки мелдеши болбой калган.

Рой Жонс азыр 50 жашта. Ал дагы мурдагы дүйнө чемпиону, карьерасын 2018-жылы аяктаган. Анын куржунунда 66 жеңиш болсо, 47си нокаут менен аяктаган. Тогуз ирет утулуп калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0