Тайсон менен Рой Жонс сентябрда рингден кезикмей болушту

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүБокс. Открытая тренировка Роя Джонса
Бокс. Открытая тренировка Роя Джонса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, беттеш 8 раунддан турат. Бул таймаш Калифорния штатынын спорттук комиссиясы тарабынан макулдашылган.

БИШКЕК, 24-июл. — Sputnik. Бокстун мурдагы дүйнө чемпиондору Майк Тайсон менен Рой Жонс кенжесинин беттеши 12-сентябрда Калифорнияда (АКШ) өтмөй болду. Бул тууралуу TMZ маалымат булагына таянып РИА Новости жазды.

Алдын ала маалымат боюнча, беттеш 8 раунддан туруп, Калифорния штатынын спорттук комиссиясы тарабынан макулдашылган.

Атактуу Майк Тайсон менен Рой Жонс беттеш өткөрүүнү көздөп жатат

"Темир Тайсон" май айында рингге чыгуу ниетин билдирип, кайрымдуулук жана муктаждарга жардам берүү үчүн кандай атаандаш болсо да беттешүүгө даяр экенин жар салган. 54 жаштагы мушкер аралаш мушташ (ММА) спортунун адиси Рафаэль Кордейру менен машыгып жатканы айтылган.

Тайсон бир нече жыл бою бокстун WBA, WBC жана IBF версиялары боюнча чемпиону болду. 1986-жылы ал канадалык Тревор Бербик менен кездешип, экинчи раундда эсин оодара чаап, эң жаш дүйнө чемпиону болгон.

54 жаштагы Майк карьерасында 58 мелдеш өткөрүп, элүү ирет жеңүүчү болгон. Анын ичинен 44 атаандашын нокаутка сулаткан. Алты ирет жеңилип, эки беттеши болбой калган. Ал акыркы жолу 2005-жылы рингге чыккан.

54 жаштагы Тайсон машыгууда укмуштуудай реакциясын көрсөттү. Видео

Ал эми Жонс бир нече салмактагы титулдардын ээси болгон. 51 жаштагы америкалык мушкер 66 беттеште (47 нокаут) жеңип, 9 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Акыркы беттешин 2018-жылдын февраль айында өткөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0