Гэтжи: Нурмагомедовго каршы татыктуу беттеш көрсөтүүгө убада берем

© AP Photo / Gregory PayanАмерикалык мушкер Жастин Гэтжи. Архив
Америкалык мушкер Жастин Гэтжи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мушкерлердин кармашы 24-октябрга пландалган. Нурмагомедов уюмдун чемпиону болсо, атаандашы Гэтжи утурумдук бел курдун ээси.

БИШКЕК, 29-июл. — Sputnik. Чемпиондук наам үчүн россиялык Хабиб Нурмагомедов менен беттеше турчу америкалык Жастин Гэтжи алдыдагы беттеш боюнча комментарий берди. Бул тууралуу анын Instagram баракчасында жазылган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Justin Gaethje 🇺🇸 (@justin_gaethje)

Кечээ аталган уюмдун президенти Дана Уайт мушкерлер Нурмагомедов менен Гэтжи 24-октябрда кармашарын жар салган.

"24-октябрда чоң сыноо турат. Бул беттеште көп жылдардан берки аракетимдин акыбетин кайтарам деп турам. Мен үй-бүлөм жана мамлекетим үчүн татыктуу беттеш көрсөтө аларыма ишенип, убада берем", — деп жазган спортчу.

Чемпиондук кур үчүн таймаш кайсыл жерде өтөрү азырынча айтыла элек.

Акыркысыбы? UFC Хабибдин каалаган беттешин уюштурууга даяр экенин айтты

31 жаштагы Жастин Гэтжи аралаш мушташ спортунда 24 беттеш өткөрүп, анын 22син утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми анын атаандашы Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 ирет октагонго чыгып, баарында жеңүүчү болгон. Ал UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0