Кыргызстандын курама командасынын футболчулары оюн учрунда. Архив

FIFA Кыргызстандын футболун колдоого 1,5 миллион доллар бөлөт

139
Каржылык жардамдан сырткары федерациялар FIFA уюмунан 5 миллион долларга чейин пайызсыз насыя да ала алышат.

БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясы (FIFA) коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюу үчүн Кыргызстандын футбол союзуна 1,5 миллион доллар каражат берет. Бул тууралуу аталган уюмдун расмий сайтында айтылат.

Маалыматка ылайык, FIFA уюмунун аткаруу бюросу футболдук уюмдарга 1,5 миллиард доллар финансылык жардам берүү чечимин кабыл алган. Каражат FIFA уюмунун талабы боюнча кесипкөй жана кыздар футболу, жаштар жана массалык футболду камтыган футболдук жамааттарга грант жана насыя тутуму аркылуу берилет.

Футбол: кыргыз премьер-лигасында 8 команда калды

Дүйнөдөгү 211 федерациянын ар бири, анын ичинде Кыргызстан бир миллион доллар өлчөмүндө негизги грант алат. Кыздар футболун өнүктүрүүгө кошумча 500 миң доллар бөлүнөт. Мындан сырткары, федерациялар 5 миллион долларга чейин пайызсыз насыя ала алышат.

"Пандемия бүтүндөй футбол коомчулугу үчүн жаңы кыйынчылыктарды жаратты. Мындай учурда жардамга муктаждарга көмөк көрсөтүү — FIFA уюумунун милдети. Ошон үчүн финансылык кыйынчылыкты баштан кечирип жаткан биздин федерациянын мүчөлөрүнө каржылык жардам беребиз", — деп билдирет FIFA уюмунун президенти Жанни Инфантино.

Дүйнөлүк футбол уюму бөлгөн каражатты клубдарга, кесипкөй лигаларга, ошондой эле коронавирустан жапа чеккен футболдук башка субъектилерге жардам берүү үчүн пайдаланууга болот.

139
Белгилер:
Кыргызстан, жардам, грант, коронавирус, FIFA
Тема боюнча
Көтөрүп чапты. Валерий Кичиндин оюн учурунда мушташа кеткен видеосу
UFCинин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес. Архив

UFC Нуньес чемпион болуп турган дивизионду жабат

95
(жаңыланган 11:02 06.05.2021)
Спорттук уюм 65 килограмм салмакта атаандаштык жараткан кыз-келиндер жоктугунан дивизионду жаап салууну карап жатат. Нуньес ушул категорияда жана 61 килограмм салмакта чемпион.

БИШКЕК, 6-май. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт кыз-келиндер арасындагы жарым жеңил салмак дивизионун жабууну чечти. Бул тууралуу Fight Sports TV каналына промоушендин эки категория боюнча чемпиону Аманда Нуньес билдирди.

"Дана бул категорияны жабууну чечти. Мен ал жакта чемпион болгондуктан жабылбай эле турса экен дейм", — деди ал.

Нуньес жарым жеңил салмакта атаандаштык жараткан спортчулар аз экенин белгиледи.

"Бул категорияда таланттуу спортчуларды табуу кыйын болууда. Крис Сайборг (Bellator уюмунун чемпиону) менен беттешкен кыздарга деле бир нерсе жетишпегендей. Мен аларды жамандаган жерим жок, бирок көбүрөөк иштеп, ордун табышы керек", — деди бразилиялык спортчу.

Нуньес жарым жеңил салмактагы чемпиондук наамды 2018-жылы ошол кездеги чемпион Крис Сайборгду утуп тагынган. Андан бери эки ирет коргоду. Бразилиялык спортчу 61 килограмм салмактагылар арасында да чемпион экени белгилүү. Бул категорияда кыргызстандык Валентина Шевченко менен эки ирет беттешип утуп алган.

95
Белгилер:
атаандаштык, категория, салмак, Аманда Нуньес, Дана Уайт, UFC
Тема боюнча
Лезгинка жана Кыргызстанга жолдонгон салам. Шевченконун жеңиштен кийинки видеосу
UFC: Намаюнас кытайлык Жангды сулата тээп уткан соң ыйлап жиберди. Видео
UFC: башкы беттеште Усман атаандашы Масвидалды нокаутка кетирди. Видео
Англиянын Челси футбол клубу жарым финалда испаниялык Реал Мадридди утуп, Чемпиондор лигасы мелдешинин финалына чыкты

"Челси" УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин финалисти болду

77
(жаңыланган 09:58 06.05.2021)
Жарым финалдын жооптук беттешинде лондондуктар Реалды 2:0 эсебинде утту. Чечүүчү голдорду Тимо Вернер менен Мэйсон Маунт киргизди.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Англиянын "Челси" футбол клубу жарым финалда испаниялык "Реал Мадридди" утуп, Чемпиондор лигасы мелдешинин финалына чыкты. Бул тууралуу УЕФАнын расмий сайты жазды.

Жооптук беттеште лондондуктар падышалык клубду 2:0 эсебинде утту. Оюндун 28-мүнөтүндө Тимо Вернер эсепти ачса, 85-мүнөттө Мэйсон Маунт гол киргизип, жеңишти камсыздады. Мадрид шаарында өткөн биринчи оюн 1:1 менен аяктаган болчу.

"Челсинин" жарым коргоочусу Н'Голо Канте беттештин мыкты оюнчусу деп табылды.

Лондондуктардын башкы насаатчысы Томас Тухель "Реал" Чемпиондор лигасында алты жолу беттешип, бир да жолу жеңилбеген жалгыз машыктыруучу болуп саналат. Төрт жолу утуп, эки ирет тең чыккан.

"Челси" Европадагы клубдар арасындагы эң абройлуу мелдештин финалында дагы бир англиялык "Манчестер Сити" клубу менен кездешет. Чемпионду аныктаган оюн 29-майда Түркиянын Стамбул шаарында өтөт.

Эскерте кетсек, УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешин өткөн жылы Германиянын "Бавария" клубу уткан.

77
Белгилер:
Реал Мадрид ФК, ФК "Челси", Чемпиондор лигасы, УЕФА, футбол
Тема боюнча
Жаңы рекорд! Мессинин 644-голун киргизгенде кийген бутсасы 143 миң еврого сатылды
Футболчу Кайраттын "Каганатка" киргизген голу мыкты деп аныкталды. Видео

Тажикстан чек ара чырында канча жараны өлгөнү боюнча расмий маалымат берди

0
(жаңыланган 17:45 06.05.2021)
Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Тажикстан бийлиги кыргыз-тажик жаңжалында 19 жараны каза болгондугу тууралуу расмий маалымат берди. Бул тууралуу Согди облустук администрациясынын маалымат кызматына таянып Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.

"Облус жетекчилиги каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жаракат алгандарга материалдык жардам көрсөттү. Бул үчүн мамлекет 3 миллион сомони (22 миллион сомдун тегереги) бөлдү", — деп айтылат кабарда.

Буга чейин деле тажик тараптан 19 киши каза тапкандыгы тууралуу айтылып жүргөн, бирок бул маалыматты бийлик расмий тастыктай элек болчу.

Эске салсак, адам өлүмүнө алып келген Баткендеги кандуу кагылышуу https://sputnik.kg/trend/batkendegi-kyrgyz-tazhik-zhanzhaly/ 28-апрель күнү кечинде башталып, ок атылып, калаба 2-3 күнгө созулуп кеткен. Анын кесепетинен 36 кыргызстандык жаран көз жумду. Алардын үчөө аскерлер, экөө — 13 жаштагы өспүрүм кыз менен төрт жаштагы эркек бала, ал эми калган 31 адам жергиликтүү калк жана башка аймактардан элге жардам беребиз деп келген кыргызстандыктар болду. 150гө чукул киши октон, таштан жаракат алып ооруканага түшкөн.

0
Тема:
Баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы