Бокс легендасы Мэнни Пакьяо. Архив

Макгрегордун Пакьяого беттешке чыгуу ниетине UFC башчысы эмне деди? Видео

206
(жаңыланган 14:43 04.08.2020)
Макгрегор буга чейин филиппиндердин тагал тилинде билдирүүлөрдү жазып, бокс легендасы менен беттешке чыгууга ниети бар экенин билдирген. Пакьяо тараптан азырынча жооп жок.

БИШКЕК, 4-авг. — Sputnik. UFC президенти Дана Уайт уюмдун эки салмактагы экс-чемпиону Конор Макгрегордун бокс легендасы Мэнни Пакьяо менен беттешке чыгуу ниети боюнча пикирин билдирди.

Өткөн айдын ортосунда ирландиялык мушкер Twitter баракчасына билдирүү калтырып, кесипкөй бокстун WBC түрү боюнча учурдагы чемпиону менен мушташка чыгууга ниети бар экенин кыйыткан.

Ал филиппин жашоочулары сүйлөгөн тагал тилинде фраза жазган.

2-августта Макгрегор тагал тилинде кезектеги твитин жарыялап, Пакьяо менен беттешке чыгуу ниетин билдирген.

"Мен чакырыкты кабыл алдым", - деп жазат Конор. Кызыгы, филиппиндик боксчу тарабынан эч кандай чакырык түшкөн эмес.

Шайтан алгыр! Сен-Пьер аны Нурмагомедов менен беттештирүү боюнча үн катты

UFC Fight Night 173 мелдешинен кийин маалымат жыйында уюмдун башчысы Дана Уайт ирландиялык мушкер менен филиппиндик боскчунун беттеши ал үчүн эч кандай кызык эмес экенин билдирген.

"Макгрегор менен Пакьяо беттеши? Мага баары бир", - деген  Уайт журналисттерге. Анын буга карата реакциясын TheMacLife YouTube каналы жарыялады.

АКШ балбаны Тейлор "Орус танкы" Садулаевге чакырык таштады

Конор буга чейин 2018-жылы бокс эрежеси боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Флойд Мейвезер менен беттешке чыгып, техникалык нокаут менен жеңилген. Бокс жана ММА күйөрмандарынын катуу сынына карабастан ал таймаш уюштурулуп, спорт тарыхындагы эң кымбат кармаш болгон. Мейвезердин гонарары акы төлөнүүчү трансляциялардан түшкөн кирешелерди кошкондо 275 миллион долларды түзгөн, ал эми ирландиялык мушкер 85 миллион доллар пайда тапкан.

206
Белгилер:
Дана Уайт, Мэнни Пакьяо, Конор Макгрегор, чакырык, беттешүү, UFC
Тема боюнча
Валентина Шевченконун титулун кантип коргой турганы маалымдалды. Видео
Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова. Архив

Жыгылып, кайра турду. Тыныбекованын Киевде жеңишке жеткен видеосу

2682
(жаңыланган 20:58 28.02.2021)
Тыныбекова 62 килограмм салмактагылар арасында күч сынашты. Алтын үчүн кармашта украиналык күчтүү балбан менен кез келди.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова Киев шаарында өтүп жаткан эл аралык турнирдин финалында украиналык Илона Прокопевнюкту 9:7 эсеби менен утуп, алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Кыздардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.

"Биздин чемпион үчүн өтө мээнеттүү жеңиш болду", — деп жазылан спорттук баракчада.

Кыргызстандык балбан квалификациялык этапта Мариана Састинди (Венгрия), 1/8 финалда алжирлик Амэль Хаммичени 11:0 эсебинде утса, чейрек финалдагы атаандашы Наталья Кубатынын (Польша) далысын тийгизип, таза жеңишти камсыздаган. Жарым финалда ал өзбекстандык спортчу Раяна Абдурасулованы 10:0 эсебинде техникалык артыкчылык менен жеңип алган.

2682
Белгилер:
видео, жеңиш, күрөш, балбан, Айсулуу Тыныбекова, Киев
Тема боюнча
Жеңишти алдырып ийди! Жоламан Шаршенбеков Киевдеги турнирде утулган видео
Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков. Архив

Жеңишти алдырып ийди! Жоламан Шаршенбеков Киевдеги турнирде утулган видео

405
(жаңыланган 18:57 28.02.2021)
Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев алган.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Грек-рим күрөшүнүн белгилүү балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевдеги эл аралык турнирдин финалында ирандык Алиреза Неджатиге 1:5 упай эсебинде утулуп, күмүш медаль тагынмай болду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Күрөш федерациясынын расмий сайтында айтылат.

Балбандар 60 килограмм салмак ченде күч сынашты. Алардын кармашын социалдык тармактагы спорттук баракчалар чыгарды.

"Жеңишти камсыздоого бир нече эле секунд жетпей калды. Ал ыкманы кармашуу аяктагандан кийин жасап калды. Анын үстүнө Кыргызстандын чемпионатынан кийин дароо бул турнирге катышууга туура келди", — деп жазылган спорттук баракчада.

Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини, чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) жеңип алган. Ал эми жарым финалда украиналык Виктор Петрикти 12:4 эсебинде таза техникалык артыкчылык менен уткан болчу.

Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдеш кечээ башталган.

Жоламан Шаршенбеков Кыргызстан эгемендик алгандан бери дүйнө чемпионатынан (2018) күмүш медаль тагынган экинчи кыргызстандык. Биринчи жолкусун Канат Бегалиев (2006) алган.

Ал эми дүйнө чемпионатынан алтынды 2019-жылы Айсулуу Тыныбекова алганы белгилүү.

405
Белгилер:
жеңилүү, чемпионат, балбан, Жоламан Шаршенбеков, Киев
Тема боюнча
Айсулуу Киев мелдешинде атаандаштарын ишенимдүү утуп, финалга чыкты
Антонина Шевченко май айында беттешет. Атаандашы ким
Суу өчүрүү. Архив

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

0
(жаңыланган 13:40 01.03.2021)
Суу токтотулган конуштун тургундары, социалдык мекемелердин баары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кошумча эскертилери белгиленди.

БИШКЕК, 1-мар. — Sputnik. Эртең Бишкектин бир районунда суу болбойт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Бишкектин "Ак-Босого-1", "Ак-Босого-2" суу тосмолорун оңдоо жана шаардык суу түтүктөрү тармагын жазга карата даярдоонун алкагында айрым көчөлөрдө суу токтойт.

"Эртең, 2-мартта, саат 09:00дөн кечки 18:00гө чейин Ак-Босого конушунда жана райондогу Сары-Челек, Нурек, Андижан жана Бухара көчөлөрүндө ичүүчү суу убактылуу токтотулат. Ошондой эле №81 мектепте, №2 "Алтынай" балдар бакчасында, №14 Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда, №15 милиция пунктунда жана №16 муниципалдык аймагында убактылуу суу жок болот", — деп айтылат маалыматта.

Конуш тургундары, социалдык мекемелердин баары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан кошумча эскертилери белгиленди.

Шаар бийлиги ичүүчү сууга байланышкан бардык маселелер боюнча 1533 бирдиктүү маалымат борборуна жана мэрияда үзгүлтүксүз иштеп жаткан 1840, 1850 номерлерине кайрылууга болорун айтты. Ал эми көйгөй боюнча сүрөт, видео материалдарды 0554 182-185 WhatsApp номерине салууга болот.

0
Белгилер:
эскертүү, өчүрүү, оңдоо, суу, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Уурдабагылачы?!. Мэрия шаардыктарга кайрылды