Түркияда ойногон кыргызстандык жаш футболчу эл аралык сыйлыкка татыды

© AFP / TOSHIFUMI KITAMURAФутболчулар. Архив
Футболчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өспүрүм футболчу "Галатасарай" - "Истанбул спор" беттешинде жаңылыштыктан белгиленген 11 метрлик айып тобун атайын сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандык жаш футболчу, Түркиянын "Галатасарай U-14" клубунун капитаны Бекназар Алмазбеков футболдук беттеште көрсөткөн акыйкаттык кадамы үчүн эл аралык Fair Play сыйлыгына татыды. Бул тууралуу Anadolu маалымат агенттиги жазды.

Өткөн жылы 13 жаштагы кыргызстандык ойногон команда Түркиянын 14 жашка чейинки футболчуларынын чемпионатында "Истанбул спор" клубу менен ойнойт. Анын жүрүшүндө Алмазбеков  капталдан чабуулга баратып, дарбаза сызыгына киргенде коргоочуну алдап өткөнү жатып кулаган. Беттеш калысы ага карата эреже бузулду деп эсептеп, 11 метрлик айып тобун белгилеген.

Кыргызстандык футболчу өзү эреже бузулбаганын, калыстын чечими жаңылыш болгонун белгилеп, 11 метрлик айып тобун атайын дарбазадан сыртка тээп, жоомарттык көрсөткөн.

Fair Play эл аралык комитети тарабынан берилүүчү мындай престиждүү сыйлыктын быйылкы лауреаттары 5-августта жарыяланды. Алмазбековдун талапкерлигин 2019-жылдын декабрь айында Түркиянын Олимпиадалык комитети көрсөткөн.

"Лацио" клубунун футболчусу Чиро Иммобиле "Алтын бутса" сыйлыгын утту

Fair Play эл аралык комитет мындай сыйлыкты 1964-жылдан бери жыл сайын тапшырып келет. Уюмдун башкы максаты спортто акыйкаттык көрсөткөн спортчуларды сыйлоо болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0