Эки мушкер Bellator мелдешиндеги беттешинде

Тепкилей берип жанын көзүнө көргөздү. ММА мушкерлеринин беттешинин видеосу

447
(жаңыланган 14:43 09.08.2020)
Беттеш экинчи раундда эле жыйынтыкталды. Америкалык мушкердин улам-улам бутка тепкен соккусу атаандашын багынып берүүгө аргасыз кылды.

БИШКЕК, 9-авг. — Sputnik. Аралаш мушташ (ММА) стилинин мушкери АКШлык Чарли Кэмпбелл Bellator 243 мелдешиндеги беттешинде мекендеши Найндоа Дангды башкача нокаут менен утту.

Экинчи раундда жыйынтыкталган беттештеги көрүнүштүн видеосун аталган мушкерлер уюму Twitter-аккаунтуна жарыялады.

​Кэмпбелл атаандашынын бутуна  бир нече ирет катуу тээп жиберди. Жыйынтыгында атаандаш жаракат алып, жерге кулаган. Беттештин калысы жыйынтыгын техникалык нокаут деп эсептеген.

Кубанып турам! Кыргызстандык Физиев UFC уюму менен келишимин жаңыртты

Чарли Кэмпбелл ушуну менен карьерасында экинчи ирет жеңишке жетти. Буга чейин бир жолу утулган.

447
Белгилер:
нокаут, ММА, спорт
Тема боюнча
Шевченко октагонго кайтты! UFC ал наамын коргой турчу күндү так айтты

Бөрү карыса да бир койлук алы бар! Тайсон менен Жонстун беттешинин толук видеосу

113
Бүгүн бокс дүйнөсүндө чоң майрам болду. Спорттун дөө-шаалары Майк Тайсон менен Рой Жонс рингде көптөн күттүргөн кармашты тартуулады.

Атактуу спортчулардын беттешинин толук видеосу YouTube-каналга жарыяланды.

Кармашуу АКШнын Калифорния шаарында өттү. Ал сегиз раундга ылайыкташып, ар бир бөлүк эки мүнөткө белгиленген.

Беттеш мөөнөтүнөн мурда аяктабай, спортчулар аягына чейин кармашышты. Натыйжада калыстар алар тең чыкты деген тыянакка келишкен.

Кармаш күйөрмандар болжолдогондой эле болду. Тайсон дистанцияны жакындатып, Жонско ыңгайсыздык жаратканга аракет кылды. Атаандашы өз кезегинде күүлүү-күчтүү экенин тастыктап турду. Нокаут болгон жок.

Эки боксчу тең жыйынтыкка макул болбой, жеңгенин бир ооздон айтып, рингдеги артыкчылыктарын санашты.

Тайсон да, Жонс да рингге карьерасын жыйынтыктагандан кийин кайтып жатканын белгилей кетели. Майк Тайсон 2005-жылдан бери, ал эми Рой Жонс 2018-жылдан бери беттешке чыга элек болчу.

113
Белгилер:
видео, беттешүү, бокс, Рой Жонс, Майк Тайсон, АКШ
Тема боюнча
Майк Тайсон менен Рой Жонстун кыл чайнашы. Тексттик трансляция
Тайсон Жонсту тез утпаса иш чатак болот. КР боксчуларынын беттешке божомолу
Бокс боюнча өлкө чемпионаты

Кимдер мыкты болду? Бишкекте бокс боюнча КРдин чемпионаты аяктады. Сүрөт

54
Бокс боюнча өлкө биринчилиги COVID-19 пандемиясына байланыштуу көрүүчүлөрү жок өттү. Ага булуң-бурчтан 120 спортчу катышты.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады.

  • Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады
    Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Мелдеш 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү
    Мелдеш 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Турнир Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежеси менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда уюштурулган
    Турнир Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежеси менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда уюштурулган
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • COVID-19 пандемиясына байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрү жок өттү
    COVID-19 пандемиясына байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрү жок өттү
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
  • Кыргызстандын чемпионатына Бишкек менен Ош шаарларынан жана жети облустан 120 спортчу катышты
    Кыргызстандын чемпионатына Бишкек менен Ош шаарларынан жана жети облустан 120 спортчу катышты
    © Фото / пресс-служба ГАМФКиС
1 / 5
© Фото / пресс-служба ГАМФКиС
Бишкекте бокс боюнча өлкө чемпионаты аяктаганын Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги кабарлады

Мелдеш 23-ноябрдан 28-ноябрга чейин Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өттү.

Турнир Эл аралык бокс ассоциациясынын (АИБА) эрежеси менен эркектер арасында 10 салмактык категорияда жана аялдар арасында 5 салмактык категорияда уюштурулган.

COVID-19 пандемиясына байланыштуу мелдеш көрүүчүлөрү жок өттү.

Кыргызстандын чемпионатына Бишкек менен Ош шаарларынан жана жети облустан 120 спортчу катышты.

Жеңүүчүлөр жана байге ээлери:

Кыздар

57 килограмм

  • 1-орун — Шахриза Халилова;
  • 2-орун — Зухра Курманаева;
  • 3-орун —Айгүл Абдувахид кызы менен Нуржамал Гапарова.

60 килограмм

  • 1-орун — Бегайым Акбалаева;
  • 2-орун — Айдай Аскерова.

Эркектер

49 килограмм

  • 1-орун — Мирлан Түркбай уулу;
  • 2-орун — Асылбек Аманкул уулу;
  • 3-орун — Бактыбек Садырбек уулу менен Анвар Ходжиев;

52 килограмм

  • 1-орун — Азат Үсөналиев;
  • 2-орун — Нуржигит Дүйшөбаев;
  • 3-орун — Ислам Маров менен Жакшылык Тилек уулу.

57 килограмм

  • 1-орун — Акылбек Эсенбек уулу;
  • 2-орун — Мунарбек Сейитбек уулу;
  • 3-орун — Санжар Сейдакматов менен Жеңишбек Белашаров.

60 килограмм

  • 1-орун — Мирзохид Имамназаров;
  • 2-орун — Хусниддин Пратов;
  • 3-орун — Темирлан Нурлан уулу менен Камчыбек Зундунов.

63 килограмм

  • 1-орун — Дмитрий Пучнин;
  • 2-орун — Султан Асанкул уулу;
  • 3-орун —Нурсади Иминджанов менен Рыспек Бектенов.

69 килограмм

  • 1-орун — Сыргак Абдижапар уулу;
  • 2-орун — Өмүрбек Маманов;
  • 3-орун — Нурадин Рустамбек уулу жана Жакшылык Таалайбеков.

75 килограмм

  • 1-орун — Өмүрбек Бекжигит уулу;
  • 2-орун —Жаркынбек Туратов;
  • 3-орун — Данияр Дамирдин уулу менен Адилет Батыралиев.

81 килограмм

  • 1-орун — Эркин Адылбек уулу;
  • 2-орун — Бакыт Токтосун уулу;
  • 3-орун — Айдар Азамат уулу жана Керимбай Эркинов.

91 килограмм

  • 1-орун — Рустам Ырысбек уулу;
  • 2-орун — Ильяр Ахметов;
  • 3-орун — Самат Жумалиев менен Баяман Ильясов.

91 килограммдан өйдө

  • 1-орун — Бекболсун Токтосун уулу;
  • 2-орун — Сергей Паренко;
  • 3-орун — Али Бабаев.

Мындан сырткары, "Мыкты боксчу" наамын Дмитрий Пучнин, "Мыкты калыс" наамын Мукаш Ырсалиев жана "Мыкты машыктыруучу" наамын Кенжебек Акелбаев алган.

54
Белгилер:
жеңүүчү, мелдеш, чемпионат, бокс, Бишкек
Тема боюнча
Кыргызстандык сууда сүзүүчүлөр эл аралык мелдеште алтын медалдарга татыды
Бишкекте дзюдо боюнча Азиянын жана Океаниянын чемпионаты өтөт

Юпитер планетасынын үстүнөн көрүнүшү. NASA тарткан видео

0
NASA агенттигинин планета аралык "Юнона" станциясы Юпитерге 2016-жылдан бери байкоо жүргүзүп келет. Күн системасындагы эң чоң планетага жетүү үчүн космос кемеси беш жыл убакыт короткон.

Видео атайын аппараттын жардамы менен тартылган 41 сүрөттөн куралган. Анда көрүүчү Юпитер асмандан кандай көрүнөрүн байкай алат.

"Юнона" миссиясынын максаты Юпитерди дагы да терең изилдөө болуп саналат. Бул планеталар аралык станция 1995-2003-жылдары ири планетаны айланган экинчи космос кемеси болуп калды. Алгач ирет "Галилео" станциясы тегерете байкоо салган.

0
Белгилер:
Юпитер, видео, планета, NASA
Тема боюнча
Кайнап жаткан кадимки Күн планетасынын үстүнөн көрүнүшү. Видео, сүрөт