Теннис чемпиону Мария Шарапова бокс менен машыга баштады. Видео

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүМария Шарапова теннис матч учурунда. Архив
Мария Шарапова теннис матч учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо булгаары мээлейчен россиялык спортчу машыктыруучусу менен соккуларды кайталап, машыгып жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Теннис боюнча дүйнө чемпиону, россиялык Мария Шарапова бокс менен машыга баштады. Мурдагы дүйнөнүн биринчи ракеткасы булгаары мээлейчен машыгып жаткан видеосун өзүнүн Instagram баракчасына койгон.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Maria Sharapova (@mariasharapova)

Видеодон спортчу машыктыруучусу менен соккуларды кайталап, машыгып жатканын көрүүгө болот.

UFC мушкери Конор Макгрегор "Реалдын" машыгуусуна катышмай болду

33 жаштагы Шарапова 2004-2014-жылдары Чоң шлем мелдештеринин жекелик бөлүгүндө беш мелдешин жеңген теннисчи болуп эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0