Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов УЕФАнын мелдешинде ойнойт

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов. Архив
Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гүлжигит Алыкулов өзүнүн "Кайрат" клубу менен Европа лигасы мелдешинин тандоо турунда армениялык "Ноа" командасына каршы беттешке чыгат.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргызстандын мыкты футболчусу Гүлжигит Алыкуловдун "Кайрат Алматы" (Казакстан) командасы УЕФАнын Европа лигасы мелдешинде Армениянын "Ноа" клубу менен ойнойт. Бул тууралуу казакстандык команданын расмий сайтында айтылат.

Командалар УЕФАнын Европа 2020-2021-жылдагы лигасы мелдешинин квалификациялык баскычынын алкагында кез келет. Беттеш көрүүчүлөрсүз өтөт.

УЕФА футболдук беттештери COVID-19 курмандыктарына аза күтүү менен башталат.

Оюн 27-августка белгиленип, өтүүчү орду азырынча аныктала элек.

Эскерте кетсек, Европа лигасы мелдешинин квалификациялык оюндары бир эле беттеш менен жыйынтыкталат.

"Дордой" клубунун тарбиялануучусу Гүлжигит Алыкулов ушул жылдын башында эки жылдык келишим менен Казакстандын "Кайрат" клубуна өткөн. Буга чейин Түркиянын "Анталья спор" командасында ойноп келген.

Ал өткөн жылы "Кыргызстандын мыкты футболчусу" деп табылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0