FIFA президенти Инфантино Кыргызстанга азырынча келбей турган болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино. Архив
Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инфантино 10 күн мурда КФС президенти Маматов менен болгон онлайн-конференция учурунда Кыргызстанга келем деген убадасына туруп, аба каттамдары жанданса оюн ишке ашырарын айткан болчу.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Эл аралык футбол федерациясынын (FIFA) президенти Жанни Инфантино Кыргызстанга азырынча келбей турган болду. Бул тууралуу анын жардамчысы билдиргенин Кыргызстан футболдук союзунун (КФС) президенти Канатбек Маматов Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

Анын белгилешинче, FIFA башчысынын бул кадамына Кыргызстандагы эпидемиялык абал себеп болгон.

"Швейцариянын Федералдык саламаттык мекемесинин (Ички иштер министрлигинин бөлүмү) кооптуулук бар деген мамлекеттердин тизмесинде Кыргызстан да бар экен. Инфантинонун жардамчысы бизге чалып, бул абалга байкоо салып турганын, Кыргызстан тизмеден чыгары менен маселе күн тартибине коюларын айтты", — деди Канатбек Маматов.

Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты

Инфантино 10 күн мурда КФС президенти Маматов менен болгон онлайн-конференция учурунда Кыргызстанга келем деген убадасына туруп, аба каттамдары жанданса ишке ашырарын айткан болчу.

Эске сала кетсек, Маматов буга чейин Инфантинону Кыргызстанга чакырганы, анын апрель айында келери айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0