Дарбазасына 8 гол кирген "Барселона" башкы машыктыруучу Кике Сетьенди кетирет

© REUTERS / Manu Fernandez / PoolТренер ФК "Барселона" Кике Сетьен
Тренер ФК Барселона Кике Сетьен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сетьен каталондук "Барселона" клубуна ушун жылдын январь айында 2022-жылга чейинки келишим менен келген.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Испаниялык "Барселона" клубунун башкы машыктыруучусу Кике Сетьен кызматынан кетет. Бул тууралуу аталган клубдун президенти Жозеп Мария Бартомеу Tiempo de Juego маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

"Сетьен кетет", — деди Бартомеу.

Кике Сетьен каталондук клубга ушун жылдын январь айында 2022-жылга чейинки келишим менен келген.

ЖМК: "Бавариядан" ири эсепте утулган Месси "Барселонадан" кетерин жар салды

The Guardian журналисти Фабрицио Романо Twitter баракчасына команданын башкы машыктыруучулук кызматына Рональд Куман, Маурисио Почеттино жана клубдун мурдагы футболчусу Хави талапкер экенин жазган.

"Барселона" клубу жума күнү Лиссабондо УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин чейрек финалында германиялык "Бавария" командасына 8:2 эсебинде утулган. Бул каталониялык команданын 74 жылдан бери эң ири эсепте утулган оюну болду. Акыркы ирет "Барселонанын" дарбазасына сегиз гол кирген учур 1946-жылы катталган. Анда Испаниянын кубогу үчүн мелдеште "Севилия" 8:0 эсебинде уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0