Дени сак жашоого үндөп... Бишкекте веложарыш өтөт

© Sputnik / Сергей АладьевБишкектеги велосезон ачылышында. Архив
Бишкектеги велосезон ачылышында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардыктардын коопсуздугу үчүн веложарыштын катышуучуларынын ортосундагы социалдык аралык сакталат.

БИШКЕК, 20-авг. — Sputnik. Бишкекте 30-августта ден соолукту бекемдөө максатын көздөгөн веложарыш өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Иш-чара жаңы ачылган "Адинай" паркынын түндүк тарабынан башталат. Маршрут Ч. Айтматов проспектиси аркылуу Орто-Сай айылына багыт алып, Байтик баатыр жана Токомбаев көчөлөрү аркылуу баштапкы жерине келет. Айланма веложүрүштүн жалпы аралыгы 10 чакырымга эсептелген.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арадагы жаштары Сохто мелдешти. Сүрөт

"Шаардыктардын коопсуздугу үчүн катышуучулардын ортосунда социалдык аралык сакталат. Велоспортчуларды шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үч унаасы жана бир тез жардам коштоп жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Мэрия айдоочуларга кайрылып, жол кыймылы айрым жерлерде автотранспорттор үчүн бир тараптуу чектелерин, топ өтөрү менен жол кайра ачыларын эскертти.

Уюштуруучулар веложарышка катышуучуларга атайын баш кийим, жеке коргонуу каражаттары, бет кап, антисептик болушу зарылдыгын эске салып, мындай талаптарды аткарбагандар иш-чарага катыша албай турганын билдирет.

Мэрия шаардагы велосүйүүчүлөрдү "Адинай" паркынын түндүк тарабынан күтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0