Поветкин Уайтты укмуштуудай нокаут менен утуп, чемпион болду. Видео

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүАлександр Поветкин. Архив
Александр Поветкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш Улуу Британиянын Брентвуд шаарында өтүп, мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кесипкөй бокстун чебери россиялык Александр Поветкин британиялык Диллиан Уайтты эстен тандыра согуп, Дүйнөлүк боксчулар кеңеши (WBC) түрүнүн убактылуу чемпиону болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Ал эми беттештин урунттуу учуру Twitter тармагына жүктөлдү.

​Кармаш Улуу Британиянын Брентвуд шаарында өтүп, бешинчи раундда мөөнөтүнөн мурда жыйынтыкталган.

Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши ноябрга жылды

Поветкин бул жеңиши менен чемпиондук кур үчүн британдык Тайсон Фьюри менен америкалык Деонте Уайлдердин ортосундагы беттештин жеңүүчүсүнө башкы атаандаш болду.

41 жаштагы россиялык мушкер профессионалдык рингдеги 36 беттешин утса, анын 24ү нокаут менен аяктаган. Бир беттеш тең чыгуу менен аяктап, эки жолу жеңилүү ызасын тарткан. 32 жаштагы британдык мушкер 27 атаандашын (экөөсүн нокаут менен) уткан жана эки ирет жеңилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0