Поветкин Уайтты сулата чапкандан кийин күйөрмандарына кайрылды. Видео

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүАлександр Поветкин. Архив
Александр Поветкин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Беттеш бешинчи раунд менен жыйынтыкталды. Боксчу жеңген чемпиондук WBC Diamond курун да көрсөтүүгө үлгүргөн.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Россиялык мушкер Александр Поветкин Дүйнөлүк боксчулар кеңешинин (WBC) оор салмактагы убактылуу дүйнө чемпиону наамын уткандан кийин күйөрмандарына кайрылды.

Британиялык Диллиан Уайтты уткан жаңы чемпион өзүнүн Instagram баракчасына видео жарыялап, фанаттарына ыраазычылык айткан. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Александр Поветкин (@povetkinalexandr)

"Бардык күйөрмандарды мени колдоп, мага ишенгениңер үчүн куттуктагым келет. Россия чемпион!" — деди боксчу өз сөзүндө.

Ал ошондой эле жеңген чемпиондук WBC Diamond курун экранга жакын алып келип көрсөткөн. Анда курдун бир тарабында британиялык мушкердин, экинчи тарабында Поветкиндин сүрөтү коюлган.

Поветкин кечээ өткөн беттештин бешинчи раундунда атаандашы Уайтты эстен тандыра чаап, Дүйнөлүк бокс кеңеши (WBC) түрүнүн убактылуу чемпиону болду.

Теннис чемпиону Мария Шарапова бокс менен машыга баштады. Видео

Поветкин бул жеңиши менен чемпиондук кур үчүн британиялык Тайсон Фьюри жана америкалык Деонте Уайлдердин ортосундагы беттештин жеңүүчүсүнө башкы атаандаш болду.

Учурда бул тармакта чемпиондук титул Фьюриге таандык.

Жаңылыктар түрмөгү
0