Дордой футбол клубунун чабуулчусу Мирлан Мурзаев. Архив

"Дордой" кезектеги жеңишти камсыздап, чемпиондук жарышта алдыга озду

91
"Дордой" 16 упай топтоп, турнирдик жадыбалда алдыга чыкты. Экинчиде 13 упай менен "Нефтчи", 11 упай топтогон "Абдыш-Ата" үчүнчү сапта келе жатышат.

БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Кыргызстандын Шоро Премьер-лигасынын кезектеги 6-турунда Кочкор-Ата шаарынын "Нефтчи" клубу Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу менен 2:2 эсебинде ойноп упай жоготту. Бул тууралуу Кыргызстандын футболдук союзунун Instagram баракчасында айтылат. 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Kyrgyz Football Union / FFKR (@kfu_kg)

"Каганат" Бишкектин "Илбирс" клубун 5:1 эсебинде утту. Ал эми Бишкектин "Дордой" – "Алга" командаларынын беттешинде "дордойчулар" жеңүүчү болду. Эсеп 2:0. Муну менен "Дордой" 16 упай топтоп, турнирдик жадыбалда алдыга чыкты. Экинчиде 13 упай менен "Нефтчи", 11 упай топтогон "Абдыш-Ата" үчүнчү сапта келе жатышат.

Гүлжигит Алыкулов Европа мелдешинде ойногон кыргызстандык үчүнчү футболчу болот

"Алга" клубунда 10, ал эми Оштун "Алай" командасында 7 упай, "Каганат" командасында 6 упай бар.

Шоро Премьер-лиганын кезектеги 7-туру 25-августта өтөт. Анда лидер "Дордой" "Кара-Балта" командасы менен кездешет.

Мындан сырткары, "Алга" – "Нефтчи", "Илбирс" – "Алай" жана "Абдыш-Ата" – "Каганат" беттештери өтөт.

91
Белгилер:
"Дордой" ФК, футбол
Тема боюнча
Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арадагы жаштары Сохто мелдешти. Сүрөт
"Бавария" "Лионду" утуп, Чемпиондор лигасынын финалына чыкты
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив

Хабиб Нурмагомедов эң кымбат спортчулардын ондугунан орун алды

108
(жаңыланган 16:11 29.09.2020)
Спортчулар таасири, ийгилиги, эл оозуна алынганы, резонанстуу окуялары жана кирешеси сыяктуу критерийлер боюнча бааланган.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов дүйнөдөгү эң баалуу спортчулардын тизмесинде жетинчи орунду ээледи. Бул тууралуу Nielsen компаниясы жарыялаган маалыматка таянып, РИА Новости жазды.

Спортчулар таасири, ийгилиги, эл оозуна алынганы, резонанстуу окуялары жана тапкан кирешеси сыяктуу критерийлер боюнча бааланган. Нурмагомедов карьерасында 28 беттешке чыгып, баарын жеңген жетишкендиги менен бул тизмеде жалгыз россиялык өкүл болуп калды.

Рейтинг боюнча тизменин сап башына 115 упай менен "Барселона" футбол клубунун аргентиналык чабуулчусу Лионель Месси чыкты. Экинчи орунду 113 упай менен "Ювентус" клубунун португалиялык чабуулчусу Криштиану Роналду ээледи. "Лос-Анджелес Лейкерс" баскетбол командасынын оюнчусу, америкалык Леброн Джеймс 110 упай менен үчүнчү сапка илешти.

UFC уюмунан эң көп акча тапкан мушкерлер. Киреше рейтинги

Алдыңкы ондуктагы калган спортчулар төмөнкүдөй жайгашкан:

4. Вират Кохли (Индия, крикет, 109 упай);

5. Бьянка Андрееску (Канада, теннис, 107 упай);

6. Неймар (Бразилия, футбол, 107 упай);

7. Хабиб Нурмагомедов (Россия, ММА, 106 упай);

8. Рохит Шарма (Индия, крикет, 103 упай);

9. Мохамед Салах (Египет, футбол, 103 упай);

Пауло Дибала (Аргентина, футбол, 100 упай).

108
Белгилер:
Хабиб Нурмагомедов, Лионель Месси, рейтинг, спортчу
Тема боюнча
Кыргызстандык мушкерлер Хабибдин атасына арналган турнирге катышты. Видео
Хабиб — Жастин беттешинде ким жеңет? ММА мыктыларынын талдоосу
Гэтжи: Нурмагомедовдун бети-башын канга боёйм
ФИФА логотиби. Архив

ФИФА "Олимпия" клубунун президентин өмүрүнүн аягына чейин футболдон четтетти

87
(жаңыланган 10:27 29.09.2020)
Марко Тровато 2018-2019-жылдары өткөн бир катар беттештердин жыйынтыгын манипуляциялаган деп айыпталууда.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Парагвайдын "Олимпия" клубунун президенти Марко Тровато өмүрүнүн аягына чейин футболдон жана футболдук ишмердүүлүк жүргүзүүдөн четтетилди. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) расмий сайтында айтылат.

Мындай чечимди ФИФАнын тартип комитети 24-сентябрда чыгарган. Маалыматка ылайык, Тровато 2018-2019-жылдары өткөн бир катар беттештердин жыйынтыгын манипуляциялап, жең ичинен сүйлөшкөн деп айыпталууда.

Мындан сырткары, ал иликтөө убагында комитет менен кызматташуудан да баш тарткан.

Кыргызстандык 4 оюнчу футболдон өмүр бою четтетилди. Себеби

Троватого өмүр бою футболдон четтетилген жазадан сырткары 100 миң швейцар франкы (107 миң доллар) өлчөмүндө айып салынган.

Асунсьондук "Олимпия" Парагвайда эң абройлуу клуб деп саналат. Команда 44 ирет өлкө чемпионатын уткан, үч ирет Либертадорес кубогун жеңип алган. Акыркы төрт чемпиондук титулду "Олимпиа" Марко Тровато жетекчилик кылган тушта, дал ошол 2018-2019-жылдары алып, жазгы жана күзгү чемпионаттарды удаасы менен уткан.

87
Белгилер:
четтетүү, Парагвай, футбол, ФИФА
Тема боюнча
UEFA уюмунун экс-президенти Мишель Платини коррупция иши боюнча камакка алынды
Укол даярдап жаткан дарыгер. Архив

Кыргызстанда 100 миңден ашуун киши сасык тумоого каршы вакцина алды

0
(жаңыланган 09:40 30.09.2020)
Өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларда тобокел тобуна киргендерге жана социалдык аялуу катмардагы адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Кыргызстанда сасык тумоого каршы сатып алынган вакцина толук колдонулганын Республикалык штаб кабарлады.

Ага ылайык, биринчи этап менен препараттын 119 643 миң дозасы сатып алынып, аймактарга бөлүштүрүлгөн:

  • Бишкек шаары — 27 000 доза;
  • Чүй облусу — 24 000;
  • Ош шаары — 5 000;
  • Ош облусу — 18 000;
  • Жалал-Абад облусу — 17 643;
  • Баткен облусу — 9000;
  • Ысык-Көл облусу — 9000;
  • Нарын облусу — 5000;
  • Талас облусу — 5 000.

Учурда вакцинанын 118 682 дозасы же 99,2 пайызы колдонулду. Октябрь айында сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 770 миң дозасы келери күтүлүп жатат.

COVID жайылып баратат, бет кап тагынгыла! Штаб сактануу чараларын күчөттү

Эскерте кетсек, республиканын бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда жана фельдшердик-акушердик пунктуларында тобокел тобуна киргендерге, ошондой эле социалдык аялуу катмардагы адамдарга сасык тумоого каршы акысыз вакцинация жасалууда.

0
Белгилер:
вакцина, эмдөө, сасык тумоо
Тема боюнча
Министрлик базарды хлордогондон кийин вирус күчөөдө дегендерге жооп кайтарды