Таласта 60 жаштан ашкан волейбол ышкыбоздорунун мелдеши өттү. Сүрөт

© Фото / Машакбай РахманкуловТалас облусунда 60тан ашкан волейболчулардын мелдеши өттү
Талас облусунда 60тан ашкан волейболчулардын мелдеши өттү  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Салтка айланган ышкыбоздор мелдешин бул ирет Талас шаарынын өкүлдөрү уюштуруп, эл жашаган жерден алыс — токойдогу оюн жайында өткөн.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Талас облусунда жаш курагы 60тан ашкан волейболчулардын мелдешинин кезектеги туру өттү. Бул тууралуу мелдештин катышуучусу Машакбай Рахманкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Салтка айланган ышкыбоздор мелдешин бул ирет Талас шаарынын өкүлдөрү уюштуруп, Таластын токоюндагы оюн жайында өткөн.

"Мелдеш үч айда бир жолу өткөрүлүп турат. Буга чейин облустун төрт районунан жана бир шаарынан түзүлгөн ардагерлер командасы күч сынашты. Кезектеги беттешти биз, Талас шаарынын командасы, уюштурдук. Катышуучулардын эң улуусу Шаршеналы Мырзаев 74 жашта", — деди Рахманкулов.

ИИМ, УКМК, Бажы кызматы... Мамлекеттик кызматкерлер футзал боюнча мелдешет

Мелдештин тарыхынан...

Бул достук турнир 1996-жылдын аягында башталып, ысымдары окшош  Жеңиш аттуу үч жаран демилге көтөргөн. Алгач эл ичинде "Үч Жнын турнири" деп аталган. Анткени жергиликтүү фермер Жеңиш Мамытбеков, Талас районунун ошол кездеги прокурору Жеңиш Кушчиев жана Көк-Ой айылындагы №6 Кесиптик техникалык окуу жайынын (КТОЖ) директору Жеңиш Ашыралиев уюштурган.

Бишкекте 50 жаштагы ардагерлер мини-футбол ойнойт

Демилгечилер кошо ойноп, 50 жаштан ашкан волейболчулардын турнирин өткөрүп башташкан. 2007-жылдан тарта анын форматы кеңейтилип, 60 жаштан ашкандар тартылып, азыркыга чейин салт катары өткөрүлүп келет.

Рахманкуловдун айтымында, жеңүүчүлөргө кызыктыруучу акчалай сыйлыктар каралып, сый тамак уюштурулат. Кийинки мелдеш октябрь айында Кара-Буура районунда өтөрү белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0