UFC уюмунан эң көп акча тапкан мушкерлер. Киреше рейтинги

© AP Photo / John LocherРоссиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жана Ирландиялык Конор Макгрегор. Архив
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов жана Ирландиялык Конор Макгрегор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рейтингдин түзүүчүлөрү мушкерлердин UFC уюмунан алган гонорарларын гана эсептешкен. Демөөрчүлүк келишимдер жана спортчулардын башка кирешеси кошулган эмес.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов UFC уюмунун эң көп маяна төлөнгөн мушкерлеринин алдыңкы үчтүгүнө кирди. Бул тууралуу The Daily Mail маалымат булагы жазды.

Sportsmail спорттук жаңылыктар порталы чыгарган рейтингге ылайык, ирландиялык Конор Макгрегор бул тизмеде алдыңкы сапта. Эки салмактын экс-чемпиону промоушенден баш-аягы 12 миллион доллар киреше тапкан. Андан кийинки орунда нидерланддык спортчу Алистер Оверим турат. Анын кирешеси 8,7 миллион долларга жеткен. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов 8,6 миллион доллар акчасы менен үчүнчү орунду ээлеген.

Андерсон Силва төртүнчүгө жайгашса (8,1 миллион), Майкл Биспинг бешинчи орунда турат. Рейтинг түзүүчүлөрдүн маалыматы боюнча, UFC уюмунун ардагери беттештеринен 7,1 миллион доллар киреше тапкан.

Шевченко Tapology версиясы боюнча эң мыкты 100 мушкердин катарына кирди

Андан ары рейтингде Жорж Сен-Пьер, Жон Жонс, Марк Хант, Дональд Серроне жана 16-августта Стипе Миочичтен утулгандан кийин карьерасын жыйынтыктай турганын жарыялаган Даниэль Кормье жайгашкан.

Бул рейтинг мушкерлердин UFC уюмунан алган гонорарларына карата түзүлгөн. Демөөрчүлөрдүн келишимдери жана спортчулардын башка кирешеси эсептелген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0